www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралияда курултай өттү

Австралиянын жергиликтүү урууларынын жүздөгөн жолбашчылары Австралиянын биринчи жашоочуларын формалдуу түрдө тааныгандыгына арналган тарыхый курултайга чогулушту. Аборигендер үчүн ыйык саналган Улуру аскасындагы үч күндүк жолугушуу өлкөнүн жергиликтүү калкынын укуктарын таануунун 50 жылдыгына арналды.

1967-жылы 27-майда Австралияда референдум болуп өтүп, анын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын коргогон атайын мыйзамдардын кабыл алуусуна уруксат берилген жана австралиялык аборигендердин парламенттеги орундарынын саны такталып, каржы бөлүштүрүү жана башка чечимдер кабыл алынган. Мындай өзгөртүүлөрдү кабыл алууга шайлоочулардын 90,2% добушу берилип, өлкөнүн бүтүндөй тарыхында эң жогорку көрсөткүч болгон. Бирок өлкөнүн конституциясында аборигендер мурдагыдай эле аты аталбайт.

Катышуучулардын айтуусу боюнча, бул курултай жергиликтүү калкты таануу жөнүндөгү маселеде бирдиктүү пикирге келүүгө жардам берет дешет. Аборигендер Австралиянын 24 миллион калкынын 2,5% пайызын түзөт.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости