www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия НАТОнун Австрия менен кызматташуусуна вето койду. Жыйынтыгында альянстын кырктай өлкө менен кызматташуусуна бөгөт коюлуп олтурат. Жооп иретинде Түндүкатлантикалык альянс мамлекеттер ортосундагы кызматташуу процедурасын өзгөртүп, эки тараптуу кызматташтыкка жол ачкан чечимин кабыл алмай болушту. НАТОнун (ТААнын) өкүлү түрктөрдүн ветосуна карабай, кызматташуу улантыла берет, - деп билдирди.

Австрия НАТОнун мүчөсү эмес, бирок аскердик блок менен тыгыз кызматташып келет – мисалы, 400 австриялык аскер кызматкерлери Косоводон жайгаштырылган.

Түрк бийлигинин вето коюу чечими жөн жерден чыккан жок, анткени Австрия Түркиянын Европалык Биримдикке кирүүсүнө тоскоолдук жаратууга аракеттенген эле. Австрия түрктөрдү күнөөлөп, жоопкерчиликсиз чечим деп атады.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости