www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австрия полициясы Орусиянын жараны, теги чеченстандык Анзор (Мамихан) Умаровдун өлүмүнө шек саналган эки адамды кармады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

4-июль күнү кечинде шектүү катары теги чеченстандык 47 жаштагы жаран кармалган. Эртеси дагы бир киши колго түшкөн. Ал кылмыш болгон жерде жүргөндүктөн алгач күбө катары суракка алынып, бирок көрсөтмөсүндөгү карама-каршылыктардан улам шектүү катары кармалган.

Белгилей кетсек, маркум Умаров Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап, Орусиянын атайын кызматтарын Европага качкан мурдагы чечен жикчилдери менен эмигранттарын өлтүрүүгө айыптап келген.

43 жаштагы Анзор Умаровду ишемби күнү кечинде Венага жакын жердеги Герасдорф шаарында атып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости