www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мэриленд штатында катуу шамалдан улам дарак гаражга кулап, андан 19 адам жабыркаган. Алардын ичинен бир адамдын абалы оор. Бул тууралуу чет элдик басылалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя орун алган жерде жалпы 20га чукул адам болгон. Жабыркаган 19 адамдын ичинен 17си чоң кишилер болсо, экөө жаш балдар.

Окуя болгон жерге куткаруу тобу келип, жабырлануучуларды ооруканага алып кетишкен. Жабыркагандардын ичинен 5 адам олуттуу жаракат алса, 13ү жеңил, ал эми бир адамдын абалы оор экендиги жазылат маалыматта.

Маалым болгондой бул адамдар кичинекей балдардын биринин туулган күнүн белгилеп жатып, катуу шамал болгондуктан, гаражга келип жашынышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости