www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Авто унаа уурдап жүрүшкөн кылмыштуу топ колго түшүрүлдү.  Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 18-январь күнү Араван районунун Тоо-Моюн айыл аймагынын Авиз айылынын тургуну А.А (аял киши) уйунун короосунда токтоп турган Хундай-Портер үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси 0 2411 AD болгон автоунаасын белгисиз атуулдар уурдашып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен. 

Бул факты боюнча тергөө тапшырмасынын негизинде Араван РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 2020-жылдын 22-январь  күнү шектүү катарында мурда соттолгон Кара-Суу районунун 26 жаштагы жашоочусу К уулу С жана Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну Б уулу М кармалышкан.

Тергөө тапшырмасы боюнча Араван РИИБдин криминалдык милиция кызматынын (КМК) кызматкерлери жана Төө-Моюн Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн (АМБдин) кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагында 3 күндүк жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылынын Дом-Ата айылынын тургуну 1965-жылы туулган У. Анын короосунан  мамлекеттик номуру  О 2411 АD  болгон көк түстөгү “Хундай-Портер” унаасы далил буюм катары алынган.

Бул топ кылмыштуу шериктери менен Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында башка кылмыш кылгандыгы боюнча да ыкчам маалыматтар болгондуктан башка кылмыштарын жана кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости