www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа маселелери каралып жатат.
Депутат Тазабек Икрамов биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновго Айыл чарба министрлигиндеги кадрларды кыскартуу сунушун киргизди. Депутаттын айтымында министрликте агенттиктер көбөйүп көзгө басаарлык иш кылынган жок.
“Муну кыскартуу менен мобилдүү мамлекеттик мекеме кылса болот да. Чоң министрликти кармап, бул жака олчойгон акчаны максатсыз колдонтуп кетиргендин кереги жок. Суу чарбасы өзүнчө агент болуп калды. Негизги жумуш болуп жаткан. Бирок, статистика комитетинин бир бөлүмүнө айланып калды. Статкомго жазат, кайра алардан жооп алат дагы дыйкандардын түшүмүн өзүнүкү кылып, министрликке отчет берип жатышат...Кадрлык маселе боюнча пр-проблема көп да. Айыл чарба министрлигинин карамагында бир гектар жер, бир кой дагы жок. Анан бүгүнкү күндө министрлик болуп отурат”,-дейт депутат Тазабек Икрамов.
Булак: NazarNews.kg