www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы төрт жылда унаалар үчүн мамлекеттик энчилүү номерлердин белгисин сатуудан өлкө бюджетине 2 миллион 400 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, автокөлүктөрдүн өзгөчөлөнгөн номерлери аукциону жок сатылып, ар бири 100 миң сомго бааланат. Андан түшкөн каражаттын бардыгы толугу менен мамлекеттик бюджетке түшөт.
Маалыматта белгиленгендей, 2016-жылга чейин кыргызстандыктарга энчилүү номерди жеке компания жасап берип жүргөн. Ошол жылдын 1-июлунан тарта өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлерди бере баштаган.
Сатылган өзгөчө номерлердин тизмеси:
04KG LX1AAA;
01KG AMG;
01KG LEXUS;
01KG VIP01;
01KG RJS;
01KG DXB F3;
01KG NOK01;
01KG NOK02;
01KG NOK03;
01KG NUZHDOV;
01KG CRUISER;
01KG KING.
Булак: NazarNewskg