www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Москвадагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Стефен Бигун  менен жолугушту. Жолугушуудан соң Россиянын мамлекеттик телеканалы “Первый каналга” Беларуссия тууралуу берилген суроолорго жооп берди.

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенконун шайлоодон мурун жана кийинки башкаруусу тууралуу сөз кылып, парламент жана мэр шайлоо иштерин жүргүзүү үчүн мыйзамдык реформаларды сунуштаган Лавров: “Лукашенко бул демилгеси аркылуу стабилдүү мамлекетте жашоону каалаган бардык жаран үчүн кол узатты деп ойлойм. Бул кол оппозиция менен аны башкарып жаткан Батыштыктардан айырмаланышы керек, албетте”, -деди. Муну менен катар Стефен Бигундун дагы Беларуссияда жасалма кризистин чыгуусун каалабаганын ырастады.

Лавров Лукашенконун атаандашы аталып, бирок жеңилүүгө дуушар болгон Светлана Тихановскаянын колдоочулары тарабынан түзүлгөн координациялык кеңеш тууралуу дагы сөз кылды. Россия аталган кеңештин кандай максатта түзүлгөнүн билгиси келерин айтып: “Кеңештин мүчөлөрү, бул кеңешке киргенин кийин билишти. Аларга эч ким айткан эмес. Айрым кишилер кайра чыгып да жатышты. Биз, бул кеңештин кандай максатта курулганын билгибиз келет”, -деди.

Булак: NazarNews

Последние новости