www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Автомаш-Энергонун” кирешеси Атамбаевдин президенттиги мезгилинде кескин өскөн. Фирманын кирешесин аныктоо үчүн мамлекеттик порталдагы анын төккөн төлөмдөрүнүн көлөмүнө көз жүгүртүү жетиштүү. 2011-жылы “Автомаш-Энергонун” мамлекеттик казынага төккөн төлөмү 1 млн 490 миң сом болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 3 млн 347 миң сомго жеткен. Ортодогу жылдардан төмөнкүдөй суммаларды көрөбүз: 2012-жылы – 1 млн 676 миң; 2013-жылы – 2 млн 53 миң; 2014-жылы – 1 млн 742 миң; 2015-жылы – 2 млн 120 миң; 2016-жылы – 2 млн 485 миң сом.

Бул көрсөткүчтөр Алмазбек Атамбаевдин уулунун фирмасы ал президенттик бийликке отургандан кийин гүлдөп-өнүккөнүнөн кабар берет. Ошондуктан, “президенттин уулунун кирешесинин артышында атасынын таасири болгонбу жана ишкер уул аны колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барганбы?” деген мыйзам ченемдүү суроону алдыга чыгарат.

“Автомаш-Энерго” ЖЧКсы Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык бизнес – расмий түзүүчүсү уулу Сеидбек Атамбаев жана “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы. Фирма электр энергиясын алып-сатуу менен алектенип, өндүрүүчү менен колдонуучунун ортосунда ортомчулук ишти жүргүзүп келет. Мурда ортозаар иштеп келген фирма 2010-жылдан кийин энергорынокто ири позицияны ээлеген. Адистер анын мындай позицияга көтөрүлүшүн электр энергиясын эң көп сатканы жана рыноктун басымдуу бөлүгүн ээлеши менен байланыштырышат. Тармактык эксперттер Атамбаевдин бийлиги кезинде “ширшов схемасынын” улантылып, андагы жемкордук иштерде кичүү атамбаевдердин орду чоң болгонун айтып келишет. Курманбек Бакиевди электр энергияга бааны көтөргөнү үчүн катуу сындаган Атамбаев өзү бийликке келген соң тарифти андан ашыра жогорулатканынын сыры ушул фирма менен анын өз үйүнө барчу жолуна байланган болушу толук ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости