www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бардык окурмандарга салам!
Чынын айтсам, оюмду жыйып, баарын катары менен жазуу кыйын, өтө кыйын болду. Болгонун болгондой жазып жатам. Бүгүн менин жигитим дагы бир жыл мени менен жолугушуп, кийин башкага үйлөнөрүн айтты. Ал менден үмүт кылбай эле коюмду жана сен өзүңдүн сүйүүң, кызганычың менен мени муунтасың деп айтты.
Мен тамагымда бир нерсе тыгылып калгандай, эч нерсе айта албай, аны угуп олтурдум! Ал сен күйөөгө тийип чыккансың, сенин балаң бар деп жатты. Ата-энемдин алдына бара албасын жана өзүнүн улутундагы азер кызга үйлөнөрүн айтты. Биз 1,5 жыл жолугушуп жүрдүк. Башкалардай эле көз жаш, таарынычтар, түшүнбөстүктөр болуп турат...
Чогуу жашайбыз. Бири-бирибизге материалдык жактан көз каранды эмесбиз. Чынында мен анын батиринде жашайм жана анын машинасын айдайм. Анын ата-энеси мени билишет, кээде анын апасы Стамбулдан кыям, таттуу, азык-түлүктөрдү алып келет. Алар эч качан мага каршы болушуп, таарынтышкан эмес.
Эмнеге менин жигитим ушинтип эле оңой менден баш тартып жатат? Сырткы келбетим боюнча айтсам, мен абдан сулуумун. Денемде безетки, бырыш дегендер жок. 170см боюм менен 57 кг чыгам. Айына 250 миң рублдан кем эмес акча табам. Москва шаарынын чок ортосунда жашайбыз.
Мен хобби, активдүү, мыкты окуяларга бай жашоо жараатымды айыктыраарына ишенбейм. Эгер меникиндей окуяга кабылып, кайрадан бактылуу жашоо баштагандар бар болсо, анда менин абалымда болгон эмес. Менин ага болгон чыныгы сезимимден чындап арылуу жардам береби? Мага жардам бериңиздер. Мен аны коё бергим келбейт.
Булак: "Чабарман"