www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жайгашкан №36 Анарбек Ибраимов атындагы мектептин башталгыч класстары үчүн атайын жылууланган чатырлар берилген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтогул районунун акиминин орун басары Айна Нават кызы билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ "өзгөчө жаратылыш кырсыктары болгондо гана чатыр берилет" деп жооп берген. Андыктан сентябрь айынан тартып айыл өкмөт башчысы ижарага 3 боз үй тапканы аргасыз болууда. ӨКМдин облустук башкармалыгы бул тууралуу азырынча коментарий берген жок.

Айылда 1957-жылы ашар жолу менен салынган, башталгыч класстар окуган мектеп имараты 2015-жылы керектен чыгып, бирок окуучулар окуусун уланта беришкен. Быйыл апрель айында имарат өтө кооптуу болуп калгандыктан 300дөн ашык окуучу жергиликтүү бийлик ижарага алган эки боз үйдө окуган.

Жаңы мектептин курулушун 2019-жылдын бюджетине киргизүү пландалууда. Облус аймагында 470тен ашык мектептин учурда 34ү авариялык абалда быйыл да окуучуларды кабыл алат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости