www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үйлөнгөнгө чейинки кыз-жигит мамилеси кандай болушу шарт, чыгыш өлкөлөрүндө жаш жубайлар үй-бүлө кураарда темпераменти, мамилелери, сексуалдык дал келүүлөрүн илимий негизде сөзсүз аныктап анан мамиле түзүүгө кадам ташташат. Бизде негизинен кыз-жигит мамилесинин бузулуусунан көп учурда кыздар гана жабыркашат.
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп эле бир күнү бири-бирине болгон мамилелеринин сууп калгандарын айтышат. Мына ошондой кыздардын бири өзүнүн окуясын айтып берди, учурда психологдун жардамына муктаж экендигин, кийинки турмушума залалы тийбейби деп кабатыр.
Мен жигитим менен сүйлөшкөнүмө жалпысынан 4 жыл болду. Үйлөнөбүз деген ниет менен интимдик катнашта да болуп койгонбуз, ошентип 2 жыл мурда боюман да түшүп калды. 5-6 айдан бери жигитим менен жакшы сүйлөшпөй жатабыз. Азыр анда-санда гана телефон аркылуу чалып жигиттериң көп деп сөгөт, мен ага абдан капа болуп ыйлайм. Эмне кылаарымды дагы билбей калдым, кийин башкага жар болсом эмне деп айтам деп аябай кыжаалат болом.
"Мындай учурда сүйлөшүп жүргөн эки жаш ачык айрым сүйлөшүүлөрү керек экенин, айрым учурларда махабат менен кызганыч бирге өсөөрүн айтып, кыз-жигит кийинки турмуш куруу маселесине балта чаппашы керек",- дейт психологКаныша Кожогелдиева.
Маселен жогорудагы кыздын жагдайына түшүнсө болот. Эркектер көпчүлүк учурда, өзгөчө кыргыз жигиттери өздөрүн бийик кармашат. Ошондуктан алар мен жактырган кыз баардык жагынан мага баш ийип туруш керек деп эсептешет. Демек меники гана деп кабыл алышат. Мамиле бузулуп жатса кызбы же эркек болобу ачык сүйлөшүп, бири-бирин канчалык деңгээлде жактыраарын, келечек эмне болот, чындап эле жактырып жатабы же жөн эле кызганып убакыт өткөрүп жүрөбү, мына ушунун баарын ачык айтып сүйлөшүп алуулары керек. Жаштар кызганууга шарт түзбөгөнгө аракет кылуулары керек.
“Коомдо жашап туруп, коомдон сырткары болуу мүмкүн эмес. Өзгөчө жаштар улуттук каада салттын, менталитеттин өзгөчөлүктөрүн, эске алуулары абзел” –дейт психолог Бермет Наралиева. Коом тарабынан миңдеген жылдар бою тастыкталган эрежелер, коомдук аң сезимде жашап калган, аны аткарбаса сөзсүз терс жыйынтыктарды алып келээрин эстен чыгарбоо керектигин айтат.
Ошол эле учурда эң жакын көргөн адамдарынан кордук көрүп, түрдүү зордук зомбулуктарга дуушар болгон кыздар да жок эмес. Алардын дагы бири өз турмушун төмөндөгүчө баяндайт.
Мындан 3 жыл мурун курбумдун тууганы мас абалымдан пайдаланып зордуктап койгон. Айылга, туугандарга уят болбоюн деп үстүнөн арыз жазган жокмун. Андан кийин бир бала менен мамиле түздүм, бирок ал да таштап кетти. Азыркы учурда колумду сурагандар бар, бирок кыздык намысым жок экенин айтсам дароо таштап кетишет, эмне кылсам болот",- деп кейийт.
Азыр кыздар алданууга дапдаяр..
Тажырыйбалуу психологдордун бири Каныша Кожогелдиева, “негизинен кыздар алданганга дапдаяр, башкача айтканда өзүнүн терс мүнөзү, же өтө ишенчээктиги менен таштак жолго кептелип калат”,-дейт.
Негизги изилдөөлөрдө көпчүлүк мамиленин туруктуу болбошу инсандык сапатынын туура келбегендигинде. Инсандык сапат бул эң маанилүү, себеби бул нерсе адамдын мамиле куруусунда өтө чоң жардамын берет.
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн учурларда үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашка барып коюшкан соң кадимкидей эле үй-бүлөлүк турмуштай жашоо улана баштайт. Маселелери да көбөйүп, бойго бүтүп калса аны жаштар алдырууга аракет кылышат, андан сырткары бири-бирине көндүм болуп калган соң мамилелер бузулуп бир тарап өзгөрө баштаарын айтат психологдор.
“Сексуалдык кошулуу болгондон кийин тилекке каршы эркек киши өзүнүн мамилесин дароо өзгөртөт. Алыстап баштайт, бош убакыт аялдар үчүн азаят же такыр эле жоголуп кетет”. Мамиленин өзгөрүп кетишинин себеби, жыныстык катнаштан кийинки аял затынын жүрүм-турумунун өзгөрүп кетиши менен байланыштуу. Эркектин жеке жашоосуна кийлигишип, андан адаттан тышкары убакытты талап кылгандыгында. Мындай өзгөрүүлөр эч качан мамилени бекемдебейт. “Эгерде эркек кандай абал болбосун сүйлөшүүдөн качып калса, канчалык кыйын болсо дагы, анын чечимин кабыл алуу керек. Анткени туруктуу, түбөлүктүү мамиле куруу үчүн эки кишинин тең каалоосу болушу маанилүү, бир тарап баардык маселени оордуна коё албайт”,- дейт психолог Гүлмира Молдокулова.
Мындай учурларга дин кызматкерлери эмне дейт?- үйлөнгөнгө чейинки жаштардын карым-катнашы, мамилеси кандай болушу керек, теолог Улан Усупов буларды айтат.
“Үйлөнгөнгө чейин кыз-жигит болуп жүрүүгө шарыят жол бербейт. Бирок, адалдыктын чегинде, башкача айтканда ээн жерде жалгыз экөө гана калбоо, шарты менен таанышып, сүйлөшүп, бири-бирин жактырышып үйлөнүшсө мүмкүн”- дейт. Бул эрежелер ар бир мамиледе сакталса, шайтан азгырыгы аз болуп, бактылуу турмуш болмоктугун кошумчалайт.
“Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду ар бир өспүрүмгө же жаштарга жеке алып берет. Келип түшкөн суроолордон улам кыз-жигит мамилеси канчалык олутту маселе экенин байкоого болот.
Мен 20 жаштамын, жигитим экөөбүз жакын мамиледе (кошулуп) болуп койдук. Бул нерсени эч кимге айта албай кыйналып жүрөм. Жигитимдин апасы менен телефон аркылуу сүйлөшсөм, 5-6 ай кое тургула, күзүндө баш кошосуңар деди. Ойлоно берип депрессияга учурап калдым, эмне кылсам болот?
Жигитим менен жыныстык кошулууга барганбыз. Күзүндө үйлөнөлү деп план коюп, бирок ортодон таарынышып кетип, эки жолго түштүк. Жакында ал башка кызга баш кошкону жатат. Мен эмне болом, кантип турмушка чыгам?
Мен кыздыгыман ажырап калдым. Болгондо да өзүм жактырбаган жигит менен болуп кетти. Ал экөөбүз сүйлөшпөй калдык. Ал башка, мен башка жол менен кеттик. Болгону менин тынчымды алган нерсе бул жөнүндө жакын курбуман башка эч ким билбейт. Ата-энем, туугандарым мени эң мыкты кыз деп ойлошот, менден үмүттөрү чоң. Бул болгон окуяны апама, эжекелериме айтканым туура болобу же ичтеги сыр бойдон калтырганым оңбу?
Окуяларга психологдор “Эч бир психолог кыздык белгиңди тиктирип алып, болочок жарыңды алда, “турмуш” деген фундаментиңди калп менен кур, эптеп жолун таап алдап кой”-деп кеңеш бере албаарын, ар бир адам жеке кеңешке муктаж экендигин айтышат.
Булак: "Билесиңби"