www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 №6 автордук окуу-тарбиялык комплексинде 3-класска кабыл алуу үчүн жетим баланын таежесинен 35 миң сом сурашкан. Бул тууралуу Билим АКИpress басылмасына 27-августта укук коргоочу Анара Дауталива маалымдады.

Анын айтымында, ага 24-августта баланын апасы каза болгондон кийин багып алган таежеси кайрылган. Ал укук коргоочудан баланы жакынкы мектепке которууга жардам берүүнү суранган. Өз кезегинде, укук коргоочу А.Дауталиева мектептин директоруна бул маселени караштырып берүү суранычы менен кайрылган. Ал болсо баланын таежесин мектепке балдарды кабыл алуу ишин жүргүзгөн окуу бөлүм башчысы Галия Алымкуловага жөнөтөт, ал, өз кезегинде коомдук фонддун бухгалтерине жиберген.

Баланын таежесинин айтымында, фонддун Асел аттуу бухгалтери №6 мектепке которулуу үчүн бул жылы 35 миң сом төлөш керектигин айтат. Бирок аларга 200 доллар төлөөгө уруксат беришкен. 100 долларды баланын таежеси дароо эле берген. Калган сумманы кийинки күнү алып келгиле деп айтышкан. Фонддун бухгалтеринен алган квитанцияны мектептин окуу бөлүм башчысы Г.Алымкулова алып кеткен», - деп билдирди укук коргоочу фонддун гимназиянын администрациясына көз каранды экенин белгилеп.

Анара Дауталиева кеп мектепте ай сайын жардам катары берилген 600 сом тууралуу болуп жатпаганын белгилеп өттү. «Мен өзүм мектептин коопсуздугу жана санитрадык нормалардын сакталышы үчүн ата-энелер кароолчуга жана пол жуугучка акча төлөөдө жардам көрсөтүүсүн колдойм. Ал эми бул учурда эгер жетим баладан 100 долларды мектептик фондго алган болсо, анда дагы 100 доллар эмнеге?», - деп суроо салды ал.

Мектептин директору Айгүл Шимова, өз кезегинде, «мындай болушу мүмкүн эмес» деген пикирин билдирди. «Ооба, мектептин уставы боюнча, балдарды кабыл алуу менен мен алектенем. Мен арызды алам, ал эми акчаларга менин кымындай тиешем жок. Менде эч кандай квитанция жок. Кыязы, ал бухгалтерде», - деди окуу бөлүм башчысы Галия Алымкулова.

«Кайрадан калп, кайра ата-энелер менен бизди ушул эле мектеп мурункудай эле алдамчы кылгылары келип жатат (буга чейин майыптыгы бар кыз менен болгон окуя). Канчага чейин чыдоого болот! Мектептин администрациясы үчүн жөнөкөй калк — бул малбы?», - деп арсар болууда укук коргоочу.

Баланын таежеси басылмабызга ага айтылган суммалар жөнүндө айтып берди. «Мен мектепке балдарды кабыл алган окуу бөлүм башчысы Галия Леонидовнага бардым. Ал: «Бухгалтерге баргыла, аны менен сүйлөшүп, анан мага келгиле» деди. Мен болсо «эмне үчүн бухгалтерге барышым керек?» деп ойлодум. Бирок бардым, бухгалтер болсо мектепте ата-энелер ай сайын берүүчү төлөмдөрдөн башка дагы бир жолку жардам берүү керектигин чечишкенин айтты. Ошол жардамдын баасы 35 миң сом экен. Бул суммадан алар мугалимдерге айлык жана акчалай сыйлык (премия) беришет имиш. Бирок баланын ата-энеси жок болгондуктан, ал 15 миң сом берүүнү айтты. Менин жанымда 100 доллар эле бар болчу, ошону берип, квитанциясын Галия Леонидовнага карматтым. Ошондон кийин гана ал документтерди кабыл алды. Менден башка дагы 2 кыз ушундай эле жол менен — мектеп фондунун бухгалтеринен кватинция алып, анан киришти», - деди баланын таежеси Элвира.

Анын айтымында, азыркы учурда, укук коргоочулардын кийгилишүүсүнөн кийин ага мектептен 100 долларды кайтарып беришти. Укук уоргоочу сөзүнүн аягында бул кырдаал боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куламбаевага кайрылганын маалымдады. 

Булак: "Билим Аки пресс"
 

Последние новости