www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин “Кыргызтесттин” сынагынан өтүүнү сунуштады, бул сунушту БШКнын 6 мүчөсү колдошту. БШК төрайымынын белгилешинче, комиссияда милдеттендирүү укугу жоктугунан улам талапкерлерге сынактан өтүү сунушун гана бере алышат. Бул чечимди БШК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомуна негизиндеген. Буга чейин журналист Канышай Мамыркулованын бул боюнча талабына БШКнын жумушчу тобу каршы чыгып жаткан болчу.

БШКнын бул чечимине ылайык эми Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарбашов мамлекеттик тил боюнча кайра сынак тапшырышы керек. Буга чейин 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков жана башка талапкерлер да жогорудагы токтомго ылайык мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтесттен” сынактан өткөн. Ал эми Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин шайлоодо болсо түшүнүксүз себептер менен Бишкек АШКсы бул токтомду айланып өтүүгө аракет кылып, тил комиссиясын түзгөн. 2018-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарынын мэринин кызматына талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөн.

Бирок, Канышай Мамыркулованын белгилешинче, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизиндеги “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө” жобого ылайык, бул сынак «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы аркылуу өтүп, ошондой эле жобонун 2-тиркемесинин негизинде “Мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү” атайын система аркылуу аныкталышы баса белгиленген.

Ушул жобону жетекчиликке алган журналист 2018-жылдын 17-августунда Бишкек АШКнын иш-аракетин Бишкек райондор аралык сотуна даттанган. Доо арызга Бишкектин райондор аралык соту “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 201-б., 3-п. талаптарына участкалык жана аймактык комиссияларынын чечимдери тиешелүү даттанууларды жогору турган шайлоо комиссиялары карагандан кийин гана сотко даттанылат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) түздөн-түз сотко даттанылат деп көрсөтүлгөн” деген аныктама берген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости