www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Россия президенти Владимир Путин менен бүгүн жолугушушу мүмкүн экенин Axios порталы Flightradar сервисине жана өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен жазды.

"Президент Трамптын дипломатиялык өкүлү Россияга жөнөп кетти, жума күнү президент Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатат", — деп айталыт маалыматта.

Портал бул Уиткофф менен Путиндин үчүнчү сүйлөшүүсү болорун жазган.

Буга чейин өкүл Москвага 13-мартта келип кеткен. Анда дипломат Россиянын жогорку кызматтагы адамдары менен жолугуп, кечинде президент Путиндин кабыл алуусунда болгон. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын өкүлү Россия тарапка Украина боюнча кошумча маалымат бергенин, Путин Уиткофф аркылуу амрикалык кесиптеши үчүн дубай салам жолдогонун белгилеген.

Уиткофф биринчи ирет Россияга февралдын башында келип, баңгизат сатып, сактаганы үчүн соттолгон америкалык Марк Фогелди алмашуу боюнча сүйлөшкөн. Андан кийин Эр-Риядда Россия менен АКШ делегацияларынын жолугушуусуна катышкан.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости