www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Кубаныч агай, саламатсызбы! Кечээ, “Евразия” уюму уштурган форумдун мааниси тууралуу пикириңизди уксак?
— Бүгүнкү Евразия уюму уюштуруп жаткан форум абдан маанилүү форум экендигин катышуучулардын активдүүлүгүнөн, келген коноктордун санынан байкасак болот. Анткени постсоветтик КМШ өлкөлөрүнө батыштын таасири терс жакка бурулгандай байкалгансыган. Салттуу болуп калган баалуулуктар ушул бойдон сакталып калуусу шарт. Батышта болуп жаткан башка баалуулуктар жаңы көз караштар бул адамзатынын жаратылышына туура келбестигин айта турган чоң форум болду. Андыктан мунун мааниси келечекке чоң жакшылыгы бар. Кыргызстанда да ушундай форум уюштуруп ойлорубузду, ушуга байланыштуу маселелерди элге жеткизе тургандай айтсак баарыбыз үчүн пайдалуу болот. Улуттардын жоголуп баратышы деп айтсак болбой бул жерде батыштын жаңы көз карашы биздин салттуу болуп калган көз карашты алмаштырып анын ордуна таңуулап жаткандыгында болуп жатат. Андыктан биз туруштук берип илгертен бери келе жаткан каада салтыбызды, баалуулуктарыбызды сактап кала тургандай иш-чараларды өткөрүшүбуз шарт.
— Аталган форумга бир нече мамлекеттер катышты, иш-чара өз максатына жеттиби?
— Азырынча жетишкендиктер тууралуу айтууга эрте. Көп мамлекеттерде ишке ашырууга жаңы пландары бар экен. Жаңы долбоорлорду сунуштап жатышат. Мисалы соц тармактар аркылуу коомдук иштерди уюштуруп, элдин башын бириктирүүгө болот. Ошондой эле, бул иш-чаралар коомдун өнүгүшүнө жана жарандардын жигердүү катышуусуна өбөлгө түзөт.
— Рахмат. Бар болуңуз.
Эске сала кетсек, кечээ, 10-апрелде Москвада «Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы» эл аралык форумуна 600дөн ашык өкүл катышты.
Алар маданий мурасты сактоо, руханий-адептик баалуулуктарды чыңдоо жана салттуу негиздерге таянган келечекти түзүү маселелерин талкуулады. Катышуучулардын жарымына жакыны чет мамлекеттерден келген – Молдова, Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Абхазия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү болду.
Программада дискуссиялар, панелдик талкуулар жана эксперттик дебаттар орун алды. Алар Евразия аймагында салттуу баалуулуктардын сакталышы, өнүгүү стратегиялары жана учурдагы чакырыктар боюнча ой бөлүштү.
Андан сырткары ЖМК «Евразия» Евразия өлкөлөрүнүн билим берүү документтерин таанууну сунушталды.
Бул сунушту РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЖМК «Евразиянын» Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова «Евразия — салттуу баалуулуктар аймагы» эл аралык форумунда билдирди. Анын айтымында, бул чара континенттеги өлкөлөрдүн жарандарын кадрлардын кыймылдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Аршинова өз сөзүндө, мамлекеттик билим берүү стандарттарын, илимий жана педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо боюнча талаптарды макулдашуу зарылдыгын баса белгиледи. Бул биримдик өлкөлөрдүн билим берүү документтерин таанып, континенттеги кадрлардын кыймылдуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Ал ошондой эле ЖМК «Евразия» уюштурган орус тили боюнча олимпиада жеңүүчүлөрүн Россиянын мыкты университеттерине кабыл алуу пландары тууралуу айтты.
— «Президент Владимир Владимирович Путин «май айындагы указы» жана башка документтеринде чет өлкөлүк студенттердин санын көбөйтүүнү тапшырган. ЖМК «Евразия» дагы бул максатта иштеп жатат. Биз азыр чоң эл аралык орус тили боюнча олимпиаданы баштайбыз жана анын сыйлыгы катары мыкты россиялык университеттерде окутуу жана стажировкалар өткөрүлөт деп ойлойбуз», — деди Аршинова.
Форумдун сессияларына РФнын билим берүү министри Сергей Кравцов, РФнын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский, Молдова парламентинин депутаты Регина Апостолова жана башка коноктор сөз сүйлөдү.
Регина Апостолова Молдова Румыниянын тарыхын эмес, өз тарыхын окуткан Европа өлкөсү болгонуна токтолду.
— «Салттуу баалуулуктар жөнүндө кантип айта алабыз, эгерде бизде жалгыз эле өлкө бар, ал да Румыниянын тарыхын окутуп жатат? Азыр бизде 9- жана 12-класстардын тарыхы боюнча чоң талаштар жүрүп жатат, анда фашисттер каармандар катары көрсөтүлүүдө. Бирок биз сыймыктанабыз, анткени Молдова эли ар дайым Россия менен, орус эли менен, мурдагы Совет Союзунун бардык элдери менен дос болуп келген жана бүгүнкү күндө биз Советтердин солдаттарын урматтайбыз», — деп баса белгиледи Апостолова.
Абхазиянын билим берүү министри Инал Габлия Сергей Кравцовго «Артек» балдар лагерине абхаз балдарынын баруусун камсыз кылганы үчүн ыраазычылык билдирип, жогорудагы форумдун маанилүүлүгүн белгиледи.
Форумдун башка сессиялары да кызыктуу болду:
— «Тарыхый чындык. Фактылар жалганды жеңет», «Жалпы эмес сектордун эл аралык өз ара аракеттешүүдөгү ролу: тажрыйба, көйгөйлөр, келечек», «Евразиянын маданий коду — элдердин салттуу баалуулуктарын жеткирүү» жана «Технологиялык көз карандысыздык. Адам ресурстары жана бизнес — Евразия экономикалык интеграциясынын күч алгычтары».
Форумдун конокторун кызыктуу маданий программасында Орус эстрадасынын эл артисти Лариса Долина, Улуттук балет «Возрождение» жана вокалдык жамааттар сахнага чыкты.
Белгилей кетсек, ЖМК «Евразия» өз ишин 2024-жылдын апрель айында баштаган. Анын программаларына Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка постсоветтик өлкөлөрдөн 20 миңден ашуун адам бар.