www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өзүнүн аялын 16 жолу бачык менен сайганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июлда Улуттук хирургия борборунан 1984-жылы туулган М. Г. аттуу айым бычактан жараат алып, ооруканага түштү деген маалымат келип түшкөн.

"Аталган маалымат боюнча кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып такташкан, натыйжада изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган Х. К. аттуу өзүнүн жолдошу кармалып, Свердлов райондук милициясынын Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүү учурунда ал аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктап берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости