www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн Катар өлкөсү дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири.

Катар - Түштүк-Батыш Азиядагы өлкө. Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүн түзгөн Катар жарым аралынан орун алып, Перс булуңу менен чулганат. Түштүгүнөн Сауд Арабиясы менен чектешет. Борбору – Доха. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – катар риалы. 

Катар мамлекетинин аймагы болгону11 437 кв км. Салыштыруу ирээтинде айтсак, Катар Кыргызстандын аймагы жагынан эң кичинекей делген Талас облусунун (13 406 кв км.) аймагынан да кичине мамлекет.

Мамлекет өзүнүн жыргалчылыгы үчүн жаратылыш ресурстарына, анын ичинде мунай жана жаратылыш газына милдеттүү.

Эмесе Катар тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз:

- Катар 1971-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздыгын алган.

- Бул өлкөдө Сауд Арабиясы менен такталбаган аймактары болгону менен, чек ара чырлары дээрлик жок;

- Катар жаратылыш газынын запасы боюнча ТОП 3 мамлекеттин катарына кирет, ошондой эле дүйнөдөгү мунай заттын ири экспорттоочусу.

- Катар өзүнүн жашоосу учурунда Бахрейн, Улуу Британия, Осмон империясы жана Португалия сыяктуу мамлекеттердин көзөмөлүндө болгон.

- Жай мезгилинде Катарда температура +50 ⁰С жетиши мүмкүн.

- Бензин арзан болгондуктан, 100 чакырымга канча литр бензин сарпталарын деле билишпейт;

- Катарда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин толуп турган убактылуу агымдарды эске албаганда, бир дагы туруктуу дарыя жок.

- Катардын дээрлик бардык аймагын чөл ээлейт. Таза суу объектилеринин жетишсиздиги бар, натыйжада катардыктар деңиз суусун тузсуздандырууга аргасыз болушууда.

- Жол чырактарда дайыма жашыл күйүп турат, жөө жүргүнчү кызыл жарыкты өзү күйгүзүп, анан жолду кесип өтөт;

- Өлкөдө абсолюттук монархия иштейт, анда бардык бийлик эмирдин колунда топтолгон. Белгилей кетүүчү нерсе, эмирдин ыйгарым укуктары шарият мыйзамдары менен чектелген.

- Катар жарандарынын 99% шаардыктар. Анын үстүнө 10 Катарлыктын 9у штаттын борбору Дохада жашайт.

- Катардын расмий тили араб тили, ал эми анын жарандарынын 40% гана арабдар. Өлкөдө Индиядан (18%) жана Пакистандан (18%) көптөгөн иммигранттар жашайт.

- Илгерки заманда, азыркы Катардын аймагында жашаган адамдар бермет казуу менен алектенишкен.

- Катарда жарандык алуу үчүн араб болуп төрөлүүдөн башка жол жок;

- Катардагы бардык азык-түлүктөр башка өлкөлөрдөн алынып келинет.

- Араб тилинен тышкары Катар жаштары англис тилинде да сүйлөшүшөт.

- 2012-жылы Forbes журналы "жан башына орточо киреше" көрсөткүчү боюнча Катар алдыңкы орунду ээлеген рейтингин жарыялап, ал 88222 долларды түзгөн.

- Катарда алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынат.

- Өлкөдө ичүүчү таза суу Coca-Colaга караганда кымбат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости