www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип бүйүр кызыткан Катардагы дүйнөлүк футбол чемпионаты аяктады. Бул мундиаль эмнеси менен эсте калды? Маанилүү фактыларды келтиребиз.

Дүйнө чемпионаты биринчи жолу кышта өттү

20-ноябрдан 18-декабрга чейин созулган футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу күз-кыш мезгилинде өткөрүлдү. Адатта турнир жай мезгилдерине өтчү. Катар мамлекетинде аба ырайы бул убактарда өтө ысык болгондуктан, ушундай чечим кабыл алынган. Тактап айтканда, жайында Катарда абанын орточо температурасы +40 градус болсо, ноябрь-декабрь айларында +24 градустан +30 градуска чейин ысыйт. Бул мамлекет турнирди өткөрүү укугун 2010-жылдын декабрь айында алган.

Россиясыз мундиаль...

Украинадагы атайын операцияга байланыштуу Россиянын курама командасы мундиалда ойноо укугунан ажыратылды.

Россиянын курамасы квалификациялык тайпада хорватиялык оюнчуларды артка калтырып, 2-орунду ээлеген болчу. Чучукулактын жыйынтыгында биринчи турдагы плей-офф баскычында россиялыктарга атаандаш болуп Польша курамасы аныкталган. Бирок алар оюнсуз эле андан ары өтүп, экинчи турда Швеция курамасын жеңип, дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты.

Чемпионаттагы группалар...

Дүйнөлүк чемпионатка Европанын 13 командасы жолдомо алган. Андан сырткары Азиядан – 6, Африкадан – 5, Түштүк Америкадан – 4, Түндүк, Борбордук Америка жана Кариб деңиздеринен – 4 мамлекеттердин улуттук курамалар тандалган. Алар төмөндөгүдөй тартипте жайгашты:

Стадиондор...

Чемпионаттын дагы бир өзгөчөлүгү – уникалдуу логистика экенин белгилесе болот. Анткени күйөрмандар бир күндө эле Катардын бир канча шаарында өтүп жаткан оюндарды көрө алышты. Стадиондордун ортосундагы эң алыскы аралык 75 км. болгон. Бир стадиондон экинчисине жетүүгө кеткен убакыт ашып барса бир саатты гана алган.

Мундиаль - Катардын беш шаарындагы сегиз стадиондо өттү. Оюндар Лусаил шаарындагы “Улуттук стадиондо” (сыйымдуулугу – 80 миң көрүүчү), Дохадагы: “974” (40 миң көрүүчү), жана “Эль-Тумама” (40 миң көрүүчү), Эль-Хаурдагы “Эль-Байт” (60 миң көрүүчү), Эль-Вакрадагы "Эль-Жануб" (40 миң көрүүчү), Ар Райяндагы "Билим шаары" (45 350 көрүүчү), "Ахмад бин Али" (44 740 көрүүчү), ошондой эле "Халифа" стадиондорунда (45 416 көрүүчү) өттү.

Каймана салыштыруу...

Катар мамлекетинин аймагы 11 437 кв км. Салыштыруу иретинде айтсак, Катар Кыргызстандын аймагы жагынан эң кичинекей делген Талас облусунун (13 406 кв км.) аймагынан да кичине мамлекет.

БУУнун дүйнөдөгү 207 мамлекеттин 2021-2022-жылдар ичиндеги экономикалык абалынын рейтинги боюнча Катар ички дүң продкуциясы 192,009.34 млн долларды түзүп, 54-орунга жайгашса, Кыргызстан (ИДП: 8,092.84 млн доллар) менен 146 орунда турат.

Футболдогу мега жылдыздардын акыркы мүмкүнчүлүктөрү...

Катардагы дүйнө чемпионаты, азыркы футболдогу мега жылдыздар делген Леонель Месси менен Криштиану Роналдунун карьерасындагы акыркы мүмкүнчүлүгү болуп калышы ыктымалдуулугу айтылган.

Оюндардын жүрүшү менен алардан сырткаркы менмин деген мега жылдыздар да көз жашып төгүп, чемпионат менен коштошуп кетип жатышты. Алардын ичинде Уругвайдан Сураес, Бразилиядан Неймар, Түштүк Кореядан Сон Хен Мин, Уэльстен Бейл, Португалиядан Роналду сыяктуу атактуу футболчулар бар болчу.

Бирок Месси баштаган Аргентина курамасы мундиалдын башында эле Сауд Аравиядан жеңилип калган. Анткен менен алар кийинки оюндарын катыра ойноп, өз тайпасынан биринчи болуп чыгышты. Жыйынтыгында күчтүү каалоонун арты менен Месси Аргентинаны 2022-жылдагы футбол боюнча 22-дүйнө чемпионатында дүйнө чемпиону кылды. Алар Мбаппе баштаган акыркы дүйнө чемпиондору болгон Франциянын улуттук курама командасын утуп, 36 жылдан кийин дүйнө мундиалын кайра багындырышты.

Рекорддор...

Бул чемпионатта бир канча рекорддор жаңыланды. Мисалы: Лионель Месси Аргентина курама командасы үчүн дүйнөлүк чемпионаттардагы матчтардын саны боюнча Диего Марадонанын рекордун жаңылады. Ал эми Криштиану Роналду беш дүйнөлүк чемпионатта тең гол киргизген биринчи футболчу болсо, Австралия курамасы 16 жылдан бери биринчи жолу плей-оффко чыкты.

37 жаш, 292 күн болгон Роналду Португалия үчүн Дүйнө чемпиондугунда гол киргизген эң кары оюнчу болуп келе жаткан, бирок 8/1 финалдык баскычта ал бул жетишкендигин швейцариялыктардын дарбазасына киргизген 39 жаш 283 күн болгон командалашы Пепеге уттуруп жиберди.

Мындан башка өзгөчөлүктөр тууралуу айтсак, Роберт Левандовски дүйнө чемпионатында Сауд Аравиянын дарбазасына биринчи голун киргизгенден кийин ыйлап жиберди.

Дүйнө чемпионатынын беттешинде башкы калыс болуп иштеген Стефани Фраппарт тарыхтагы биринчи аял калыс болуп калды.

Ал Е тайпасында финалдык тур оюнуна калыстык кылды. Анда Германия Коста-Риканы 4-2 эсебинде жеңди.

Мундиалдын эң биринчи беттешинде Эквадорго 2-0 эсебинде утулуп калган Катар ФИФАнын Дүйнө чемпиондугунун тарыхында биринчи беттеште утулуп калган алгачкы үй ээси болуп калды.

Рекорддорду жаңылаган Лионель Месси...

Лионель Месси бул чемпионатта көпчүлүк рекорддорду жаңылады. Тактап айтканда, ушул мундиалдагы 1-тур оюндарында Сауд Аравия менен беттешип, пенальтиден гол киргизип, өз улуттук командасы үчүн төрт жолку Дүйнө чемпиондугунда (2006, 2014, 2018 жана 2022-жылдары) гол киргизген биринчи аргентиналык футболчу болду. Ал үч жолку дүйнө мундиалында гол киргизишкен Диего Марадона менен Габриэль Батистутаны артка калтырды.

Чейрек финалдагы Голландия менен болгон беттеште пенальтиден гол киргизип, улуттук курамасы үчүн голдор санын 93кө жеткирди. Бирок финалдагы голдордун саны менен Мессиде 99 гол бар.

Месси Аргентина курамасында ойногон матчтардын саны боюнча Диего Марадонанын рекордун жаңылады. Ал үчүн Франция менен болгон финал Аргентина курамасынын Дүйнөлүк чемпионаттардагы 26-беттеши болду. А Марадона Аргентина үчүн 21 матч өткөргөн. Ошентип Лео 25 жолу ойноп, дүйнөлүк чемпионатта матчтардын саны боюнча Лотар Маттеустун рекордун кайталады. Ал эми Дүйнө чемпиондугунун финалында оюн алып барган Месси бул рекордду да жаңылады.

Ошондой эле чемпионаттын плей-оффтук баскычында Австралия менен беттешип, анда эң алгачкы голду киргизди. Лионель дүйнөлүк чемпионаттардагы голдорунун саны боюнча да Марадонадан озуп кетти: улуттук команданын турнирдеги бардык плей-оффтук баскычтарындагы матчтарда гол киргизген Леонун эсебинде азыр 13 гол бар – бул аргентиналыктар үчүн абсолюттук рекорд болуп эсептелет. Эске салсак, Австралия менен болгон беттеш Мессинин карьерасындагы миңинчи беттеши болду.

Ошондой эле Голландия менен болгон беттеште Месси дүйнөлүк чемпионаттын плей-оффтук баскычында ассисттердин саны боюнча рекорд койду. Ушинтип Лео 5 чыгарып берүү менен 4 жолу ассист жасаган легендарлуу Пеледен да озуп өттү.

Ошентип Мессинин дүйнөлүк чемпионаттарда киргизген жалпы голу 13кө жетти. Муну менен ал Пелени бир гол менен ашып өттү. Бирок бүгүнкү күндө германиялык Мирослав Клозе 16 гол менен дүйнөлүк чемпионаттардын эң мыкты чабуулчусу бойдон калууда.

Анткен менен 35 жаштагы аргентиналык чабуулчу "Алтын топ" сыйлыгын жеңип алып, турнирдин эң мыкты бомбардири аталды. Андан сырткары, мундиалды жеңип, кубокту көтөрдү, аны менен кошо ФИФАнын биринчи орунга деп атаган 42 млн долларын бөктөрө кетти.

Финалдагы Мбаппенин киргизген төрт голу чемпиондук титулун сактап кала алган жок...

Финалда Франция курамасы биринчи таймдан кийин аргентиналыктарга 0:2 эсебинде утулуп жаткан. Бирок баары Килиан Мбаппенин 80-минутадан кийин бир жарым мүнөттүн ичинде дубль жасаган голдорунан кийин абал өзгөрүп кетти. Ал эми кошумча убакытта аргентиналыктар алдыга чыккандан кийин да, Мбаппе өзүнүн болоттой мүнөзүн көрсөтүп, дагы бир пенальтиде гол киргизди. Эсеп 3:3 болуп калгандыктан, пенальтилер сериясына чейин барышты. Мында да Мбаппенин тепкен тобу сыя кеткен жок. Ошентип финалдык оюнда 4 голдун автору болду.

Бирок жыйынтыгында француздар чемпиондук титулун коргой алышкан жок. 23 жаштагы франциялык чабуулчу "Алтын бутса" сыйлыгын жеңип алып, турнирдин эң мыкты бомбардири аталды.

Буга чейин кайсы мамлекеттер өткөрүшкөн?

Мексика (1970, 1986), Италия (1934, 1990), Франция (1938, 1998), Германия (1974, 2006), Бразилия (1950, 2014), Уругвай (1930), Швейцария (1954), Швеция (1958), Чили (1962), Англия (1966), Аргентина (1978), Испания (1982), АКШ (1994), Түштүк Африка (2010), Россия (2018).

2002-жылы дүйнөлүк чемпионат биринчи жолу эки өлкөдө – Түштүк Кореяда жана Японияда өткөн. Ал эми 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионатты үч мамлекет: Канада, Мексика жана АКШ өткөрөт.

Булак: Eurasia Today

Последние новости