www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин табияты ушундайбы же ушуга жеткириштиби, айтор буга чейинки чакырылыштарда да көп капчыктуулардын саны көбөйүп, көпөстөр каптап бара жаткандай элес калтырат. Бирок бул алтынчы чакырылыш өзгөчө. Алтынчы чакырылыштын 70-80 пайызы капчыгы калың “көпөстөр”, акчаны миллиондоп сапырган бизнесмендер десек жаңылышпайбыз. Биттин ичегисине кан куйган, битин сыгып канын жалаган бизнесмендер калкка керектүү мыйзамды жазганды ойломок беле.
Дагы да болсо өзүм деп өзүнүн камын жеп, акчанын арты менен парламентке келип, бизнесин ыңгайына жараша мыйзамдарды тууралаганга аракет кылып, мындайча айтканда “лобби” мыйзамдарды өткөргөнгө аракет кылып келишет. Өткөн санда өзүн ар дайым өзүн сүттөн ак көрсөтүп, сыланып-сыйпанып, каадалуу сүйлөп жүргөн депутат Арапбаевдин 2010-жылдын май айынан баштап Кыргызстандын аймагына К-5 классынан төмөн мунай заттарына таптакыр тыюу салуу мыйзамына караманча каршы чыгып, чындыкка коошпогон аргументтерди айтып алдастап жатканын, К-5 деген бул дүйнөлүк стандартка жооп берген, жогорку сапаттагы күйүүчү май экенин жазган элек. Акчанын эмес, абийирдин кулу бол деген Арапбаев сыяктууларга тиешеси жок окшойт. Дегеним, элдин ден соолугу, абанын тазалыгы үчүн анчейин ооруткусу келбей, бизнеси бир калыпта өсүп-өнүгүп турганы маанилүүрөк окшойт.
Бизнеси демекчи, Арапбаев Бакиевдерге тиешелүү бизнестерди баскынчылык жолу менен алганы боюнча маалымат жетти. Ал боюнча керек болсо иш козголуп, тиешелүү органдар тергөө амалдарын жүргүзүп жатышыптыр. Мамлекетке улутташтырыла турган Бакиевдин мүлктөрүн басып алган Арапбаев да эр экен. Албетте бул иштин бармак басты, көз кысты болуп жабылып калбашын, рейдерлер тиешелүү жазасын алышын, Бакиевдин мүлктөрү кандай себептер менен улутташтырылбай Арапбаевге өтүп кеткендиги боюнча иликтеп баштадык.
Булак: "Фабула"