www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-февралда Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын айтып, жалпы күч органдарын катуу сынга алган. Президенттин мындай билдирүүсү коомчулук тарабынан колдоого алынууда. Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Коопсуздук кеңешинде айтылган өлкө президентинин билдирүүлөрү ишке ашуусу керектигин “Марал” радиосуна билдирген.

Анын айтымында, укук коргоо органдары бүгүнтөн тарта мурунку иштөө тартибин улантпашы керек. “Мамлекет башчынын укук коргоо органдарына карата айтылган фактылары ачуу чындык болчу. Укук коргоо органдары бүгүнтөн тарта мурунку иштөө тартибин улантпашы керек. Ал эми президенттин айткандары сөз бойдон калбай ишке ашуусу шарт”, — дейт ал. Ошондой эле буга байланыштуу кадрдык өзгөрүүлөр болорун, керек болсо айрым жетекчилер кызматтан алынышы мүмкүн экендигин баса белгилеген.

Кыскасы, жакынкы аралыкта милдетин так аткара албаган күч кызматынын жетекчилери кызматтан эле кол жуубай кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Мындай кадамды коомчулук көптөн бери күтүп жаткан. Президенттин чечкиндүү кадамдары эл тарабынан жылуу кабыл алынат деген ишеним чоң.

Булак: "Багыт"

Последние новости