www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦти жардыргандардын аты аталды

Жылдын башында Бишкекти солк эттирген”оор окуянын” экономикалык, саясий, моралдык кесепетин бүгүн эч ким так айта албайт. Жарым миллиардга жакын (Кыргызстандын жылдык бюджетинен канча эсе көп?) жашылбайга оңдолуп жасалган жарык жана жылуулук берүүчү откана биринчи эле суукта жарылды деген суук кабар, ага чоң акчаны чачкан чоң адамдардын үшүн алды. Шалдыраган от жаккычтардын шалаакылыгынанбы же атайлап жасалган арамза диверсиябы, чын-аныгын күтпөй эле өкмөт башчы өз жыйынтыгын чыгарып, отказандын башчысын орус жетекчиге ооштурду.

Эми баары калыбына келди, кемчилик четтетилди, от өчпөйт! – деген тыянак чыккансыды. Бирок күнөөлүүнү тапкыла, абийирин ачкыла деген сүрдүү талап уламдан-улам күч менен баса айтылып жатат. Энергетика тармагындагы көзгө басаар аксакалыбыз Карыпбек Алымкулов баштаган кургак теоретиктер, аларды коштоп жөнөгөн дили бөлөктөр сөөмөйлөрүн кезеп: “Мамлекеттик тил дей берип ушуну көрмөксүңөр! – деп ачык табалай баштагандан кийин, ушуну эле күтүп араң тургандардын чырагына май тамды көрүнөт.

Алардын арам оюнда “мамтил” деген балээ болбогондо, бул тармакты эчактан бери энчисине басып алган тири буруу жетекчи түбөлүк башкармак, демек Бишкектин отканасындагы өтө опурталдуу окуя болмок эмес. Андыктан баарына сен күнөөлүүсүң, мамтил! – деп чуулдап чыгышты. Ушуга байланыштуу Карыпбек карыяга окшогондорго суроо бар. Эгер, баарыңар пайгамбар көргөн Васильев чалдын көзү өтүп кетсе, анын азыркы кандаш шакирттери түп мекенине түрүлө качса эмне болот? Эмнеге улуу элдин урпактарынын ичинен алмашылгыс кадрдын ордун басар бир кыргыз чыккан жок?…

Биздин төбөлдөр атына чаң жугузбай, эл депутатына чейин көкөлөткөн учурунда, откананы менчигине басып берген бул агайың өзү  өмүр бою башкарып келаткан жылуулук борборун жөндөп кетээр бир кыргыз баласын ишенип даярдаган эмес! Кимдин акылы же кеңеши менен чечилди билбейм. ЧПны териштирүүнүн акырын күтпөй, тили буруу “профессионалды” дайындоо – улуттун кадыр-баркына катуу доот кетирди! Бул чечим ушуга чейин тилди билбегендердин кызматтан кетирүүнү мындай кой, эрки жетип эскертүү да бере албаган мамтил көзөмөлчүлөрүн, мамлекеттин өзүн кемсинтүү болуп саналат.

Тамаша-чыны белгисиз, мамтилди мазактаган Карыпбек байке өңдөнгөн калыстагы бөксө, калпыстыгы чоң адамдардын айынан эгемендик деп көрпө тебетейди көккө ыргытканы менен, бардык жагынан арабөк абалда жашап келатканбыз. Арабызда чыккынчылар арбын, айрымдар көзү бүтүйүп кыргыз кейиптенгени менен, кыргыз болуп туулуп калганынан корунуп, башкаларга жагынып, кошаматка козусун көтөрүп чаап көнүп калгандар…

Алар ТЭЦти кыргыз башкарган үчүн кыш түшүп, чилде күч алып, суу тоңуп, отказан жарылды дегендер. Кыскасы, кыянаттыка баарын, кылмыштын уюгун кыргыз элинен көргөндөр. Орусча даарат алып, орусча бата кылган оңбогурлар… Эгерде чакырылбай келип, арабызда абдан жыргап жашап жүргөн келгиндердин көбү кыргызга кыянаттык эмес, ак кызмат кыла баштаса, бул ойлорумдан дароо баш тартууга даярмын.

Бишкектин тургуну, Аалы Молдоканов

Булак: "Фабула"

Последние новости