www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгемендик алгандан бери Кыргызстандагы туруксуздуктун, элдин нааразычылыгынын эң башкы булагы кимдер дебейсизби? Соттор! Башкасы оңолсо дагы ушул сотторубуз оңолгон жок. Сот системасын реформалоого мамлекеттин дагы, эл аралык донорлордун дагы акчасы суудай эле акты. Бирок жыйынтыгы эл күткөндөй эмес. Мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаевдин “Кыргыз эли баарына чыдайт, бирок калыстык жок жерде, адилетсизик күчөгөндө чыдабайт” – дегени бар. Балээнин баары сотторду тандоо кеңешинен башталып жаткандай. Алар сотторду тандабай эле, алчусун алып “камдап” жатат окшойт.
Өлкө жетекчилеринин көзүн будамайлап, Ак үйдөгү “соттук реформаны ишке ашырмакчыбыз” деп жүргөн майда-барат чиновниктер деле капчыгын кампайтып жүргөнү боюнча кептердин аягы деле тыйыла элек. Албетте бир беткей сотторду соо эмес дегенден алыспыз. Өлкөбүздөгү соттордун курамы өзгөрүп, беш манжасын матыра элек жаш судьялар келип жатат. Бирок “карт бөрүлөр” дагы эле акча үчүн адам тагдырын талкалагандан кайра тарта элек. Сотторго нааразы болгон эл эшикте он миңдеп саналат. Реформанын жыйынтыгы азырынча ушундай болууда. Реформа бул соттор жаркыраган кабинеттер, кычыраган сот залдары, Европа, Американы кыдырган командировкалар эмес, элдин баасы.
Кечээки Коопсуздук кеңешинин жыйынында президентибиз Сооронбай Жээнбеков бекеринен жарылган жок да. Мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев “Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү соттор үчүн укмуштуудай акча табуунун булагы”- дегенин маалымат булактары жазып чыккан. Муну карапайым бирөө айтса, көп сөздүн бири деп кулак сыртынан кетирет элек. Бирок дал ушул уюшкан кылмыштуу топтор менен өмүр бою күрөшүп, аларды кармап, кылмышын бетине коюп туруп сотторго өткөрүп берген, генерал-майор деген жогорку наамы бар Мелис Турганбаев айтып жатат. Анын айткандарына кошулбаска арга жок. Кечээ жакында эле Ленин райондук сотунун судьялары “Дөө Чынгыз” деген каймана аты бар Чынгыз Жумагулов мөөнөтүнөн мурун эркиндикке кое берип салды.
Анысы “бейбаштык” деген сыяктуу майда-барат берене менен соттолсо анчалык деле көңүл бурбайт элек. Бирок ага коюлган айыптар “адам өлтүрүүгө катышкан”, “бийлик өкүлүнө күч колдонгон”, “кылмыштуу топ түзгөн” деген өтө оор, бүтүндөй мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирген беренелер болуп жатпайбы. Мындан тышкары “Женго” – Кадыр Досонов, “Карышкыр” – Мурсалим Өмүрзаков сыяктуу кылмыш дүйнөсүнүн капчыктуу “аталыктарын” сотторубуз эркиндикке кое берип салган. Алдыда да кое беребиз деп алчусун алып, “Алтуха” каймана аты менен белгилүү Алтынбек Ибраимовду даярдап олтурат. Бул тизмени дагы далайга чейин уласа болот.
Буларга боштондук берген, тагыраагы “акчасын алган” соттор азыр деле сопсонун иштеп жатышат. Кечээ жакында эле Биринчи Май райондук сотунда бир ишкер салыкка болгон карызын бөлүп кутулам, ашыгы менен төлөп берем дегенине карабай, сот акелер аны 1 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Ал ортодо карызы калды төлөнбөй. Ушул сыяктуу фаактыларды санап отурсаң миңдеп саналат. Реформа сот системасында агылган акчадан деле көз каранды эмес экен.
Акчаны алып көнгөн соттордун оңолоюн деген түрү жок. Андан көрө мамлекет жетекчилиги бардыгына сабак болушу үчүн паракор сотторду колунан кармап, өтө узак мөөнөткө темир торго айдашы керек. Эгер каалоо анан саясий эрк болсо, паракор сотторду колунан кармап алуу опоңой эле иш. Анткени азыркы соттордун дээрлик көпчүлүгү акча дегенде атасын унутат.
Булак: "Фабула"