www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш Салык кодексинин 310-беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат.

Ага ылайык, берене “Кен казуучу жана кен иштетүүчү ишканалардын алтын камтылган кендерден жана алтын камтылган концентраттан түшкөн киреше салыгынын өлчөмүн 7%, 2023-жылдан тарта 10% көтөрүү, ал эми алтын, күмүш жана башка баалуу металлдар камтылган концентраттан түшкөн кирешеден салык 5% өлчөм алынат” деп өзгөртүлөт.

Бул мыйзам долбоору депутаттарда кайчы пикирлерди жаратууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Азамат Арапбаев салыкты 7% көтөрүү айрым ишканалардын жабылып калуусуна алып келерин айтып, мунун арты жумушсуздардын көбөйүүсүнө алып келерин эскертти. Анын пикирин депутат Улан Примов да колдоду. Ал өлчөмдү улам бир баскыч менен аз-аздан көбөйтүүнү сунуштады. Депутат Акылбек Жапаров пандемия шартында чет мамлекеттерде иштеп жаткан кыргызстандыктардын баары кайтып келип жаткан учурда мындай мыйзам долбоорун 3-окуудан кароону күзгө калтыруу зарылдыгын айтты.

Салыктын өлчөмүн көбөйтүү эң ириде мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында болуп жатканын белгилеген депутаттар Замирбек Эсенаманов, Айнуру Алтыбаева салык өлчөмүнүн аздыгынан өлкөнүн пайдасына киреше аз болуп жатканын айтышты. Замирбек Эсенаманов салык өлчөмүн дароо эле 10% көтөрүүнү сунуш кылды. Депутаттар кесиптештерин мыйзамды колдоого чакырышты.

“Салык кодексине өзгөртүү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси - өкмөт. Буга чейин Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинде 3-окууда каралган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости