www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 24-июнда, Москвадан келери менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.

Ошону менен бирге Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости