www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыспай Исаков Манас айтып жатып "Нурбек" жана башка ысымдарды кошуп кеткени тамаша эмес. Суу, чай сурап калганда токтобой айта бериш керек. Мына ушундай учурларда жогорудагыдай саптар кошулуп кетүүдө. Мындай пикирин Түркиядан төкмө акын Азамат Болгонбаев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

-- Манасчы, Рыспай Исаков 4 күн 20 сааттан бери Манастын төрөлүшүнөн Көкөтөйдүн ашына чейин жалпы чоң-чоң темаларды айтып жатат. Ал 100 сааттан ашуун убакыттан бери Манас айтууда. Төрт күн, түндөн бери Манас айтып келе жатып, төртүнчү күн ашканда кичине уйкусурап баштады. Анын уктаган, эс алган убактыларынын баары чектелүү болгондуктан физикалык жактан кыйналып калды. Уйкусураган кезде Манас айтууну токтотуу болбойт экен. Суу сураган, чай сураган учурлар болуп калат, ошол учурларды кошуп эле айтып кетүүгө туура келет. Мындай нерсе илгери деле, кийин деле бардык манасчыларда колдонулган. Темадан чыкпай эле, баарын орду-орду менен айтып келе жатат. 

Эс алгандарын эсепке албаганда, жалпы 100 сааттан ашык айтты. Эреже боюнча эс алган убактысы бир саатка беш мүнөт берилет.

Бул жакта азыр саат 15:30 болду, кечки саат жетиде айтып жатканына туура 5 күн болот. Ошол беш күндүн ичинде негизги темалардын баарын айтып, ар бир каармандын сүрөттөлүшүнө кирип жатат. Эми техникалык дейбизби ыңгайсыз учурлар болуп калып жатат. Жалпысынан, ачылышында бул жактан өкүлдөр келип көрүп кетишкен. Бул жакта манасчыга баам салып турган атайын комиссия бар. Бардыгы орду-орду менен эле кетип жатат.

-- Соцтармактагы тасма кандайча тарап кетти? 

-- Социалдык тармакка тарап кеткен видео тууралуу мен эч нерсе деп айта албайм. Биз техникалык жагына жооп бербейбиз. Манасчынын жанында атайын дем берип, сүрөп, карап отурганга эки-экиден бөлүнгөнбүз. Талкууга алынган тасма кандай болуп тарап кеткенинен кабарым жок.

-- Манасчынын саптарында эпоско тийешеси жок инсандардын аттары жүрөт, бул тууралуу пикириңиз кандай? 

-- Манас айтып жатып "Нурбек" жана башка ысымдарды кошуп кеткени тамаша эмес. Суу, чай сурап калган учурларда токтобой айта бериш керек. Мына ушундай учурларда жогорудагыдай саптар кошулуп кетүүдө, - дейт акын Азамат Болгонбаев.

Эске салсак, социалдык тармактарда Рыспай Исаковдун:  

Тырышсаң дагы кетесиң,
Кетсең дагы кетесиң.
Кессең дагы кетесиң,
Баары бир кете турган жолуң саз,
Жабышып алсаң да кетесиң, - деп айткан төмөнкү ыр саптары талкууга алынууда.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Түркиянын Бурса шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урматына "Манас" эпосунун жумалыгы өтүүдө. Анын алкагында 8 күнгө созула турган Гиннестин рекорддор китебине "Манас" легендасынын эң узун аракети өтүп жатат. Анда манасчы Рыспай Исаков 4 суткадан бери Манас айтууда. Кечээ социалдык тармакка анын Манас айтып жаткан видеосу тарап, коомчулукта ар-түрдүү кептерге жем таштап, Рыспай Исаковдун дарегине сын-пикирлер жаады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости