www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Азамат Булатов Райымбек Матраимов тууралуу пикирин төмөнкүчө жазды:

“Эми, ушул убакытка чейин Райымбек Матраимовдун атактуулугу Республикалык деңгээлде эмес болчу. Бир гана Матраимовтор билимге, дары-дармекке муктаж болгондорго жардам берүүдө деген анда-санда уктуруулар чыгып калчу. Кийин болсо, ЖМКлардын  сенсация жараткан “Бажыдагы Миллондор” деген репортажы чыгат. Коомчулуктун көңүлүнүн бурган материалдын башкы каарманы Райымбек Матраимов болгон. Коррупциянын чордону делип анын бетин ачкан материалда Райымбектин аты эл арасынан "мода" сымал көп талкуу жаратты. Ал эми ал тууралуу оң пикир айткандарды, жемелеп, элдин душманы саначу. Башкача айтканда, плюрализмдик ойлор жана да сөз эркиндиги андагы башка демократия делгени эмес.

Коомдо анын атынан "хайп" жаратып отуруп, ЖК депутаттыкка талапкерликке чейин кирди. Эски ыкма болгону менен жарай турган метод. Каалаган мансаптуу адамдын жаңылып басканын, мүлкүн  коомчулукка жарыя кылсаң, алар сени “коррупция менен күрөшүүдө” деп такка отургузат.  Бай-манаптардын баарын ашкере кылыш керек.

Капитализмди түзүүгө жол берилбестигини айтпасам деле белгилүүда. Мүлктү коргоо үчүн Кыргызстандын либералдык закондору , тышкы керек болсо эл аралык деңгээлдеги. Эгер андай болсо СССРдин социализм менен капитализмди кайра куралыбы? Социализмди эл өзү деле каалабйт, андай боло турган болсо, алар бар тапкан-тергенин, мал-мүлк, байлык баары өкмөттүн карамагына өтөт.

Ошондуктан, капитализм рыногу бекем жана узак мөөнөткө кирип калды. Биздин суверендүүлүктө кандай кепил бар. Баарыбызга маалым болгондой эле, биз Чыгыштын цивилизациясынын карамагында жашап, кийин христиандык ой-жүгүртүүлөр, 300-жыл согуш, Ренесанс жана Реформа доору. Улуу окуялар да булар.  Социализмдеги, либерализимдеги, фашизмдеги классикалык идеялары баары ошол учурда, ошол мезгилде жаралган.

Аларда  глобалдык алкак болгон, адамдардын элитасыны иргей турган глобалдык ордо болгон. Либерализмдеги идеядагыдай “рыноктун көптүгү, элдин аздыгы”.

Андан кийин болсо менталитет дегенди ала баштайбыз.

Качандыр бир убакта биздин цивилизациябыз эбегейсиз күчтүү каганаттардан куралган, азыр болсо отурукташкан элбиз. Ушул отурукташкан Цивилизация биздин Маданиятты жеп жатат.  Илимий жактан алганда эл оозунда аң-сезим, диний жактан алганда акылсыздык болуп түшүндүрүлөт.  Биз эгер конституцияга, мыйзамдарга таянып иш кылбасак, биз эбак экинчи Карабахка, Украинага, Ливияга же ушул сыяктуу мамлекеттердин бирине айланып кетмек болушубуз керек. Биздин элдеги күч жана даанышмандык, Маданияттын байыркы санаасын, мамлекетибизди талкалануудан, эки революциядан жана "Ош окуясынан" башка кагылышуулардан, кыйынчылыктардан сактап келе жатат”- дейт ал өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости