www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бир Бол” партиясынын “Жаңы форматтагы лидерлер” деп аталган форумунда партия мүчөсү Жоомарт Жолдошев Мыйзамдарды ирээтке келтирүү максатка ылайык экенин билдирди.
“Урматтуу санаалаштар, партиялаштар, үзөңгүлөштөр, бүгүнкү биздин алдыбызга койгон ниеттерибизди туу тутуп, реформа кылуу пландарыбызды сиздер менен тең бөлүшкөнгө келгениңиздерге ыраазычылык билдирем! Биз адилеттүүлүк жана коопсуздук принциптерин туу тутуп келебиз. Реформа, өзгөрүү Мыйзамдардан, эрежелерден башталат. Демек, аларды өзгөртүү менен биз баардык тарматарда адилеттүү, реалдуу жыйынтыктарга жете алабыз. Себеби азыркы Мыйзамдар чийки жана иштебейт”,-деди Ж.Жолдошев.
Ошондой эле сот системасына жарандар ишенбегендиги сот системасынын адилеттүү эместигинен кабар берерин кошумчалады.
“Сот системасын өзгөртүү Сотторду тандоо кеңешинин колунда. Ал жакта коп мүчүлүштүктөр бар, биз аларды жоюуга даярбыз жана милдеттүүбүз. Сот ситемасындагы эң негизги көйгөй сот отурумдарынын жабык болгонунда, соттордун чечими ачык болушу керек, сот отурумдары онлайн көрсөтүлүшү керек, ачык-айкындык болуш керек. Бул биздин программабызда камтылган”,-деди ал.
Муну менен катар эле партиянын башкы максаттарынын бири – преференциалдык шайлоо системасын киргизүү экенин билдирди. Мындай системада партияны гана эмес, партиянын курамындагы талапкерди дагы тандоо мүмкүнчүлүгү берилет.