www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

"Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Уланбек Азыгалиев берилген арызынын негизинде борбор калаанын вице-мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Буга чейин ал жер ресурстары департаментин жетектеген", - деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости