www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, туугандары камаган жердештерин чыгарып бер деп келип жатышат.

“Баш прокурор, УКМК, ИИМ, Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда:
«Мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм. Мамлекеттин казнасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш» деген элем.

Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат.

Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар”, - дейт Жапаров

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости