www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол - Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68% бүтүп калды. Вице-премьер-министр көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи. 

Ошондой эле мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнөн көз каранды экенин айтып, модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалады. 

«Кыргызстанга келип жаткан туристтердин жана ишкерлердин биздин өлкө тууралуу таасирлери чек арадан өтүүдө калыптанат. Ошондуктан аткарылып жаткан иштер эл аралык стандарттарга жооп берип, андагы имараттар жана курулмалар заман талабына жараша жасалгаланышы шарт», - деди Равшанбек Сабиров. 

Вице-премьер-министр «Ак-Жол - Автожол» пункттун модернизациялоо ишин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.  

Белгилей кетүүчү жагдай, көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын модернизациялоо, заманбап техника жана жабдуу менен камсыздоо каралган. Бул «Ак-Жол - Автожолдон» жарандардын өтүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздайт. Өткөрмө жайын модернизациялоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости