www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов менен Казакбаев саясий достор, Бабанов качып жүргөндө Казакбаев үн катпай эле жашынып отурган.

Мадумаров менен Данияр Урицкий да кыйышпас достор болгон, азыр билбейм.

Атамбаевдик бийлик катуу режимин баштап, кыргыз элин солкулдатып турганда «Элдик парламент» деген баш көтөрүп чыгат. Буларга «чет элдиктердин агентисиңер» деген жалаа жабылып эч күнөөсү жок, темир тордун артына тыгылат. «Элдик парламенттин» лидери Талгарбеков жазыксыз айыптан бошотулганда досу Нарындын мурунку губернатору,анын кайгысын кошо тартып жүргөн Болотбеков Бейшенбек кучак жайып тосуп алган.

Ташиев менен Жапаровдун достугу да үзүл-кесил болгон учурлар болгон. Ал үчүн Садыр Жапаров жазган: «Саясаттагы он жыл» -деген китепти окуса болот. Негизи экөө тең мушташкан жагынан мыкты, эл алдында Алтынбек Суламановдон эле мурдулары канжалабаса. Мелис Мырзакматовду сабап койгон деп жүрүшөт, биздин үкабыз Манас Осмон «Эркин-Тоодо» башкы редактор болуп турганда какыс-кукус болгон.

Вовка аканы Атамбаев «досум» деп бирдемеге тоюп алганда кучактап ит кылчу. Досу ал камалганда бир –ооз сөз айтканга жараган жок.

«Досум, досум дейсиң, нанымды алдап жейсиң,коон-дарбыз бышканда, айда пошел дейсиң» деген кеп бар. Достордун мыктысы эле Жээнбеков болгон, бирок эптеп бийликке жетип алган соң бармагын салаасынан көрсөтүп койгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости