www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- «Той болот, тойдун эртеси да болот» дегендей, шайлоо да болуп өттү. Келчүлөр келди. Элдин көпчүлүгү жеп ичкичтер келди деп жатышат. Азыркы экономикабыз ушундай абалда жеп-ичүүгө мүмкүнбү? Же ал доордон өттүкпү?

- Шайлоонун натыйжасында эч кимге эч кандай сюрприз болгон жок деп ойлойм. Мурункудай эле биз билгендей эски адамдар, бийликтин тегерегинде жүргөндөр, алар менен мамилеси бар адамдар кайра эле шайлоону утуп жергиликтүү кеңештерге келишти.

- Өзгөчөлүк болдубу?

- Бир эле нерсе башкача болду. Башка партиялардын тизмеси менен келишти. Партиялардын аттары жаңы. Бирок ал жаңы партиянын ичинде кайра эле эски баягы биз жакшы тааныган адамдар. Ошон үчүн чыныгы партиялар Кыргызстанда жок. Ошон үчүн ар бир шайлоо сайын эч кимге билинбеген партиялар чыгып келип жатышат. Алардын ичинде мурунку эле коррупцияга малынган адамдар жана алардын бала-чакалары, туугандары келе жатышат.

Референдум деле биздин турмушубузга эч кандай өзгөрүү алып келбейт. Конституция деген жөн эле кагазга түшүрүлгөн текст. Ал текстти адамдар иштетет. Мамлекеттик органдарда, бийликте отурган адамдар конституцияны, мыйзамдарды бекем кармап, ошол мыйзам чегинен чыкпай иштешсе анда ошол мыйзам конституция иштеп жатат. Кыргызстанга ар бир келген президент констиуцияны алмаштырып жатат. Бирок эч нерсе өзгөрбөйт. Турмушубуз баягыдай эле улана берет. Бул эмне себептен болуп жатат?

Мамлекетте бийликте отурган адамдар алмашылбай эле мурунку адамдар иштеп жатат. Ошон үчүн текст алмашса деле текстти иштете турган адамдар алмашпаса ошондой эле абал уланат. Азыр деле ошол көрүнүш. Текстти алмаштырдык бирок мурунку эски схемаларды пайдаланган эски көз караштагы адамдар бизге жакшы таанымал. Отуз жылдан бери биз аларды көрүп келдик. Алардын иштеген тажрыйбасын дагы билебиз. Бул адамдар мурдагыдай эле эски коррупциялык схемаларды иштетип, бийликтин көзүн карап өз кызыкчылыктарын карап иштешет.

Ошон үчүн эч кандай өзгөрүү, жаңы нерселер болот деген үмүт жок болуп жатат. Бүгүнкү экономикалык саясий акыбалды карасак ушундай оор акыбалда баягылар келип баягы адатын карматса эл чыдабайт.

Себеби, элдин бийликти 5-октябрда алмаштыргандан кийин жаңы адамдар келип, ишти башкача алып барат деген элдин үмүтү бар болчу. Эми экономикалык кризис күчөп эл кыйналса массалык мобилизация болуп протестерге чыгышы мүмкүн деген ойдомун.

Булак: Азия News гезити

Последние новости