www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда балдарга полиомиелитке (балдардын шал оорусу) каршы вакцина сайылып баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, эмдөө 19-апрелден 19-майга чейин жүргүзүлөт. Вакцинаны үч жана беш жаштагы, тагыраагы, 2016-жылдын 1-апрелинен тарта 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар алат.

Бул арада эмдөө бекер. Учурда Кыргызстанда полиомиелитке каршы дарынын 180 миң дозасы бар, дагы алып келүү пландалууда. Жалпысынан 270 миңден ашуун бала эмделмекчи.

Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстанда балдардын шал (полиомиелит) оорусу чыкканын жарыялаган. Уюмдун адистери абалды экинчи деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары баалашкан.

Ошондой эле, министрлик Кыргызстанда 1993-жылдан бери поливирус жок экенин, 2002-жылдан тарта республиканын «Полиомиелиттен эркин өлкө» сертификаты барын эскертти.

Полиомиелит — балдарды өлүмгө чейин алып барган инфекциялык оору. Кесепети адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Дарттын дабасы жок, бирок вакцинанын жардамы менен коргонсо болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости