www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибдер Тажикстандан жардам болот деген үмүттө алар менен чектешкен аймактарды өз колуна алып жатат. Бул тууралуу эл аралык маселелер боюнча серепчи, конфликтолог Азамат Темиркулов билдирди.
Ал талибдер азыр Дохада жетишилген макулдашууларды ачык эле бузуп жатканын кошумчалады. Жана Тажикстан менен чектешкен райондорду басып алып жатканын, тажиктерден үмүт этип жатканы менен түшүндүрдү.
--"Алар Тажикстан менен чектешкен эки чек ара постун басып алышты. Жакында эле тажик-афган чек арасындагы “Шерхан-Бандар” өтмөгүн басып алышты. Ал жактан Индия, Пакистан, Ирандан товарлар келип турчу.
Көп өтпөй чек арадагы экинчи постту басып алышты. Алар түндүктөгү Тажикстан менен чектешкен аймактарды өз колуна алууга аракет кылып жатышат. Анткени талибдер Тажикстан тараптан жардам болот деген үмүттө", - дейт Темиркулов.
Булак: NazarNews.kg