www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында өлкөнүн туризм тармагындагы абал жана жайкы туристтик мезгилге даярдык боюнча Өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.
Фракция башчысы Иса Өмүркулов: «Туризм тармагынын өлкөнүн экономикасы үчүн мааниси өтө зор, биз муну эстен чыгарбашыбыз керек. Азыр жайкы туристтик мезгил башталып калды. Ал кыш мезгилин эле каралганда, мындан кыйла натыйжалуу болмок», - деди ал.
Туристтердин агымынын басаӊдашынын себептерине кайрылган Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Азамат Жаманкулов өткөн жылы мурдагы жылга караганда бир аз болсо да туристтер көбүрөк келип калганын билдирди. «Адатта Кыргызстанга келген туристтердин басымдуу бөлүгүн түзгөн Орусия менен Казакстандын улуттук валюталары девальвацияга учурады. Орусияга карата жарыяланган санкциялардан кийин Сочи, Боровое сындуу бир катар ири эс алуу жайлары өнүгө баштады. Өткөн жылы, аба ырайы да анчалык жакшы болгон жок», - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg