www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөгү 195 пансионаттын 111инде гана саркынды сууларды тазалоо жайы бар, анын ичинде 35 эс алуу жайын жаӊы технология боюнча курган. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын директору Калысбек Жумаканов Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында өлкөнүн туризм тармагындагы абал жана жайкы туристтик мезгилге даярдык боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Депутаттар көлдүн үстүнө салынган мончолордун азыркы абалына, аларга карата көрүлүп жаткан чараларга кызыгышты. Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын башчысы өткөн жылы 57 эс алуу жайында 2433 тартип бузуу аныкталганын айтты. «Өткөн жылдын жыйынтыгында 300 миӊ сом өлчөмүндө айыппул салынды. Айрыкча, Балыкчы менен Каракол шаарларында фитосанитардык абал анчалык жакшы эмес. 2016-жылы көл үстүнө салынган 12 мончо жабылган», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости