www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азаматсың, Нуртемир!

Жакшы кабар уктук. Кыргызстандык 9 жашар хоккейчи, «Алга» (Бишкек) курама командасынын оюнчусу Нуртемир Сулайманов Нью-Йорк шаарындагы «Aviator» хоккей клубунун негизги курамында ойной баштаптыр.

Окурмандардын деле эсинде болсо ке­рек, былтыр хоккей боюнча Кыргызстан­дын өспүрүмдөр командасы АКШда өткөн Barrington Ice Arena эл аралык кубогун жеңип алышканы. Ошондо чечүүчү жеңиш шайба­сын ушу Нуртемир киргизгени айтылган. Ушундан уламбы, ал быйыл жайында «Нью-Йорк Рейнджерс» хоккей клубунун жайкы машыгуусуна чакырылып, ал жактагылар кы­ргыз уулунун жөндөмүн байкап калган бейм, «U 10» деген команданын курамына алынып, эмитен эле жакшы жыйынтыктарын крсөтө баштаган экен. Учурда 88- номур менен ой­ноп жаткан Нуртемир АКШда өтө турган өспүрүмдөр аралык лигасынын мелдешине катышмакчы. Не демекчибиз, Нуртемирдин келечеги кең болсун! Ошол келечекте андан дүйнөлүк хоккей жылдыздары Джон Тава­рес, Джонатан Тэйвс, Дрю Даути, Александр Овечкин сыяктуу дүйнө элин тамшандырган кыйын хоккейистерден болуп чыксын! Бар бол, Бали Нуртемир! Баса айтмакчы сүрөттө көрүнүп тургандай ал Жогорку Кеңештин де­путаты Алтынбек Сулаймановдун уулу.

Булак: «Айгай-пресс»

Последние новости