www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстрада ырчысы Чолпон Талипбек өзүнүн көкүрөгүн хирургиялык жол менен чоңойтуп алганы коомчулукта ар кандай талкууларды жаратууда. Кээ бири "өзүңдүн сулуулугуңа эч ким жетпейт" десе, дагы бири "Башында ушундай баштап алышып токтоно албай калчу эле, деги абайлачы",-деген билдирүүлөрдү калтырып жатышты.

Өзүнүн пикирин өзгөчө мукам үнү бар Минюра Рахимжанова төмөндөгүдөй калтырган.

"Жашоо бир башкача ээ? Маммопластика эмне экенин билесизби? Бул төштү чоңойтуу үчүн операция 2,3,4,5,6 размерге каалаганыңды кылсаң болот. Азыр ушул маммопластика модага айланды. Мен эч качан каршы эмесмин, ар бир адамдын өзүнүн пикири, акылы менен иш жасайт. Айтайын дегеним кээ бир аялзаты эн эле назик жери төмөнкү дарттарга чалдыгып: мастопатия, фиброаденома, опухоль,- деген ооруларга кездешип калат. Ошол учурда айласыздан жоготуш үчүн операция жасатышат. Бүтүндөй түбү менен кесип салыш керек деп кесип салгандар да бар өзүнүн ден-соолугун сактап калыш үчүн. Бар эмчекке жетпей жургөндөр канча. Ошондуктан сабыр кыл! Ойлон! Жараткан берген дене мүчөгө ыраазы бол! Баарыңарга ден соолук каалайм,"- пикир калтырган.

Чын эле мода деп көпчүлүк сулууларыбыз силикондун зыяндуулугун унутта калтырып кыска ойлонушат. Силикондун кесепетинен улам канчалаган айымдарыбыз "рак" илдетине чалдыгып ден соолуктан ажырап болуп өткөн окуядан сабак алып бармагын тиштеп отуруп калып жатышат. Табият берген өлчөмгө ыраазы болуп келечекти тереңирээк ойлонсо деген эле тилек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости