www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы күнү Мамлекеттик Бажы кыз­матынын төрагасынын мурунку орун ба­сары Райымбек Матраимовдун кызматын кайрадан калыбына келтирүү иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы «болот» деген процесс «далилдер жакшы табылбай жатат» деген сыяктуу түшүнүксүз шылтоонун не­гизинде болбой калды. Ошентип, ал соттук отурум андан ары, 30-октябрга чейин то­голонуп кетти. Ал эми ал соттук процесске Р. Матраимовдун өзү катышкан жок. Анын адвокаты Каржинская дагы анын кайда экенин билбээрин билдирди.

Эске сала кетсек, мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков Р. Матраимовду кызматындагы кыянатчылыгы үчүн иштен айдаган болчу. Бирок, С. Исаков парламенттеги оюндардын айынан ишинен кетирилгенден кийин Матраимов «мени Исаков кызматтан туура эмес алып салган» деген арызынын негизинде аны Биринчи Май райондук соту 26-сентябрда Райымбек Матраимовдун кызматын калыбына кайра келтирүү боюнча чечим чыгарган. Ошент­кен менен Өкмөттүн юристтери райондук соттун Раимди кызматына кайтаруу жана ага аргасыз жумуштан калганы үчүн ком­пенсация төлөп берүү жөнүндөгү чечимине даттансакпы же жокпу деп көпкө олку-солку болушту.

Кыязы, акыры такыр эле даттанбай койсок уят болуп калабыз го деген чечимге келишти окшойт. Бирок, даттануу эптеп эле формалдуу түрдө болору эмитен эле көрүнүп калды. Демек, ал кайра бажыга кайтып ба­рып, ал жакта дагы миллиондорду чогулта бергенге толук татыктуу окшобойбу...

Булак: «Айгай- пресс»

Последние новости