www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан бүгүн Президентке кайрылып, иликтөөлөр аяктаганча өзүн убактылуу кызматтан четтете турууну өтүндү. Бирок, ошол эле учурда, ал өзү менен кошо президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев менен Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди да кызматынан убактылуу четтетүүнү талап кылды.
Кылычбек Султан өзүнүн 24-сентябрдагы маалымат жыйынындагы айтылган маалыматтарды иликтөө боюнча президенттин Коопсуздук кеңешине берген тапшырмасынын объективдүүлүгүнө жогорудагы кызмат адамдары тоскоол болушат деп эсептейт. Маалымат жыйынында элчи тиешелүү маалыматтарды Президентке жеткирүү үчүн президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевге бир нече айдан бери кайрылып келгендигин айткан.
“Коопсуздук Кеңеши Президенттик аппараттын алдындагы өз алдынча түзүм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларынан сырткары президенттик Аппараттын жетекчисинин да тапшырмаларын аткарат. Ушул жагдайларды эске алуу менен, Сиз тапшырган иликтөөлөр аяктаганга чейин Президенттик Аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана Кыргыз Республикасынын Түштүк Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султанды убактылуу кызматтан четтетүүңүздү суранам. Анткени түзүлгөн кырдаалды адилеттүү иликтөөгө кызматтык кызыкчылыктардын кагылышы тоскоол болот деп эсептейм”, - деп жазган Кылычбек Султан.
Элчи эгер Президент ал атаган кызмат адамдарын “убактылуу кызматтан четтетүү мүмкүн эмес деп тапса, анда аны өз каалоосу менен кызматтан бошотуусун сураган. Анткени, түзүлгөн кырдаалда кызматтык кызыкчылыктардын кагылышна байланыштуу адилеттуү иликтөө жүрүшү мүмкүн эмес” деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg