www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда өзгөчө ойлору менен айырмаланып, сахнада өзүн шайыр алып жүргөн ырчы мырза “Фейсбуктагы” баракчасына виртуалдуу сүйүү тууралуу жазып чыкты. Анда ырчы мырза башынан өткөн окуясын төмөндөгүчө баяндаган: “Бир айым менен эксперимент жүргүздүм. Дароо эле окуяны ортосунан баштап салдым балч этип. Башынан эле баштайынчы...

4-5 жыл виртуалдуу сүйлөшүп жүрдүк. Кандайсың, жакшымын деп элечи. Тирүү экенибизди бири-бирибизге билдирип коюп. Кандайча сүйлөшүп калганыбыз эсимде деле жок экен. Ал гезитте журналист болуп иштеп жүргөндө кат жазышып таанышкан окшойбуз. Ал кыздын образын өзүмдүн элестетүүм менен тартып алгам. Тартканга соц. тармактагы анын статустары жардам берген болчу. Виртуалдуу сүйлөшсөң ошондой экенда. Көбүнчө футбол жөнүндө жазып калчу. "Аа эркек сымал, шок кыз экен" - деп койчумун. Анан бир күнү анын блогун окуп калдым. Жашоосундагы окуяларды, ар кандай адамдар менен жолугушууларды сонун кылып, күлкүлүү жазыптыр. Таң калып калдым. Андан мындай нерсе эч күткөн эмесмин. Вообще мындай нерселерди эч кимден деле күтпөйсүң. Азыркы кыздардын көз карашы башкача, а бул кыздыкы "тээтякта" экен.

Окуп алып дароо идея келди. Тактап айтканда эксперимент. Аны менен жолугуп, ошол болгон жолугушуу жөнүндө ал өз оюн жазат, ал эми мен өз оюмду жазам деген. Бир нече күндөн кийин пландашпай эле жолугушуп калдык. Спонтанно дегендей. Болгондо да түнкү 12де, жаан себелеп атканда.

Кашайып жука кийинип алгам. Жанымда ал кыз басып кетип баратат. Эркек сымал, үнү жоон деп ойлоп жүргөн теориям жокко чыкты. Көрсө тартынчаак, назик, үнү ичке, чоюлган кыз экен. Көзүнө карасам бетин катып эле, уялып эле атты. "Статустарын жалданган администратору жазат окшойт" - деп ойлоп койдум. Баштагы картина менен чыныгы адам дал келишпесе танкалыштуу болот экен. Такыр эле башка адамды элестетип жүрүптүрмүн. Ишенип ишенбей карап коем. Ал уялып коет.

Айтор, суук сөөгүмө жетти. Абдан чуркап ысыгым келди, бирок жанымда чоюлган бирөө. Чоюлганы да жагымдуу. Өзү дагы жагымдуу. Жаандын сууларын балериналарга окшоп аттап, көпөлөктөй жеңил. Суук болсо да кетким жок. Хотя бы сүйлөп жылынайын дедим. Бирдемелерди тантырап аттым. Ичимен үшүгөнүмдү билдирбейин деп, титиребей сүйлөгөнгө аракет кылып жаттым. Пауза кылып, үнсүз режимде титиреп коем. Эмнеге антем тушунбойм. Титиреп койсом жеп салгансып. Ал дагы кунт коюп укканды билген кыз экен. Уккусу келгенге андан беш метр сүйлөгүң келет экен. Абаны терең алып, бат-бат сүйлөп кайра бир эки калчылдамай. Көз алдымда кышкы фуфайкем жана ысык чай. "Чыдап кой! Подъездине аз эле калды! Чыдап кой!" - деп коем өзүмө.

Жеткенде жай коштоштук. Ал кирип кеткиче нормальный адамга окшоп басып бараткам. Анан балерина подъездине кирди. "Том и Джери" деген мультфильмде чычкан мышыктан качаарда, абага өйдө көтөрүлүп, буттары чимирилип, куюн болуп качат го. Мен машинеме ошондой жеттим. Печкам ураган болуп атат. Жылыбайм. Үйдөн ысык чай ичтим. Жылыбайм. Телефонго балеринадан кат келиптир: жеткенде жазып кой деген. Ошондо гана жылый түштүм окшойт.

(Огооо ушул жакка чейин окуп келгениңизге рахмат. Сизге беш уупай:)

Негедир 99% айымдар жолугушуудан кийин үйгө аман-эсен жетээриңди сурайт. Оа, билем, түшүнөм бул жест кам көрүү жести. Этика. Бирок эмнеге эртеси антип сурабай калышат? Же алардан кеткенден кийин кырсыкка учуроонун шансы көбүрөөкпү? Же этика сабактан кыздарды үйрөтөбү ошентип? Сенден кетсе сура, башка жактан үйгө барса сураштын кереги жок деп. Чындап айтса мен деле ошондоймун. Менин үйүмөн кеткен коноктордон деле сурайм баягыда кандай жеттиңер деп. Заботливый көрүнүш үчүнчү. Как будто ошол күндөн башка үйлөрүнөн чыкпагансып. Иши кылса адамдар кызык эле адамбыз.

Бирок кандай болсо да балеринадан алган кат жылуулук алып келди. Жанагыларды ойлой берип, төшөктүн ичине кантип кирип кеткенимди байкабай калыптырмын. Көзүм уйкудан сүзүлүп атса да, чоюлчак кыз окуяны кандай жазат болду экен деген суроо башымда мөөр. Темасын калчылдак деп койбосо экен деп коём. Ошондой кылып койсо анда мен чоюлчак деп коём. Ахаха калчылдак менен чоюлчак болсо сонун эле болчудай экен. Түндө кандай гана ойлор келбейт. И вообще, мен эмне бирөөнүн темасын ойлоп атам? Кандай койсо ошондой коёт да. Мен өзүмдүкүн ойлоноюн аны коюп. Бирок меники өзү эле айтып турат окшойт е? Теманы биринчи жолу аягына коюп атам. БАЛЕРИНА

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости