www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин Сочиде жолугуп маанилүү темаларды талкуулашты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирия темасында Орусия менен координациялуу түрдө кызматташуу улана турганын айтты.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин Сочиде жолукту.

Делегациялар аралык жолугушуудан кийин биргелеше өткөрүлгөн маалымат жыйынында Эрдоган, жолугушууда Сирия кризисинен баштап аймактык темалардын да каралганын маалымдады.

Сириянын 6 жылдан бери канаган жара болгонун айткан Эрдоган: «Балдардын, аялдардын, кары-картаңдардын химиялык куралдар менен кырылышына кантип көз жума алабыз?»,-деди.

Химиялык кол салуулардын жооптууларынын жазаландырылышы темасында макулдашкандарын баса белгилеген Эрдоган: «Ок атышпоону бузууга багытталган ар бир кол салуу, аянттагы абалды начарлатуу менен катар кепил өлкөлөрдүн эмгектерин да балталап жатат. Бул темалардын бардыгын Орусия менен координациялуу түрдө кызматташуубузду улантабыз. Түркия, Орусия, Ирандын кепилдигинде ишке ашырылган ок атпоо же жаңы аталышы менен ок атышпоочулук, саясий чечим табуу иштеринин ийгиликке жетишүүсү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк терезесин түздү. Бул алтын мүмкүнчүлүк жокко чыгарылбашы керек»,-деп айтты.

Эрдоган, Сириядагы бардык террордук уюмдар менен күрөшүүнү дүйнө жүзү жагынан керектүү көргөндөрүн айтты.

Жыйналыштын суроо-жооп бөлүмүндө болсо эки лидерге, «Сирия кризисинин чечилиши темасында коопсуз аймактар түзүлүшү күн тартипке келдиби?» түрүндө суроо узатылды.

Эрдоган: «Башынан бери коопсуз аймак сөзүн колдондук, колдонууну да улантабыз. Идлибде олуттуу кыйынчылыктар болуп жатат. Ал жердеги жашыл чийин менен ок атышпоочулук аймагы жарыяланды. Бул аймактын корголушу уланат деп ойлойм. Астанадагы маанилүү темалардан бирөө ок атышпоочулуктун токтом менен бекитилиши. Бул Сирияда маанилүү бир кадам ташталышына өбөлгө болот»,-деп жооп берди.

Орусиянын президенти Владимир Путин да жолугушууда эл аралык терроризм менен күрөшүү боюнча чалгындоо жана аскердик кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү темасында келишим түзүлгөнүн, Сирияга чечим табуунун да саясий болгону темасында президент Эрдоган менен бирдей пикирде болгондорун айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы нормалдашуу процесси бүтүрүлүп өнөктөштүк мезгилине өтүлгөнүн белгилеген Путин, Түркия жана Орусиянын ортосундагы соода-сатыкта өсүү камсыздалганын айтты.

Путин: «Жолугушууда соода-сатыктын күчтөндүрүлүшү жана улуттук акчалардын колдонулушу чечимин чыгардык. Эки тараптын ортосунда 110 миллиард доллардык келишим болот. Бир миллиард доллардык бириккен инвестиция иштеринин бүтүрүлүшү темасында макулдаштык. Орусия, Түркияга жаратылыш газ, көмүр жана мунай зат экспорттоп жатат. Түрк агымы долбоорун сүйлөштүк. Бул долбоордун алкагында Кара деңизден бирөө Түркия аркылуу, экинчиси Европага болуп эки багыттуу куур салынат»,-деди.

Путин эки өлкөнүн ортосундагы соодадагы чектөөлөр тууралуу суроого мындай жооп берди: «Чектөөлөрдүн жоюла турганын бүгүн жарыялай алабыз. Чектөөлөр жана санкциялар темасын бардык жагынан карап чыктык. Булар экономикага зыян тийгизет жана өндүрүшчүгө терс таасир этет. Помидор санкциялар киргизилген жалгыз азык эмес. Андан башка бир топ тема тууралуу санкциялар ишке ашырылып жаткан болчу, биз болсо булардын жоюлушу боюнча макулдаштык. Түрк досторубуздан муну түшүнүүлөрүн сурандык, баарыбызга белгилүү трагедиялуу окуялардан кийин (чек араны бузган Орусиянын учагынын 2015-жылы түшүрүлүшү) жашоо токтоп калган жок, өнүгүүсүн улантууда. Мисал үчүн помидор өндүрүшү боюнча муну айта алабыз. Биздин өндүрүшчүлөрүбүз чоң көлөмдө насыя алышты. Бир өндүрүш процесси сөз болуп жатат бул жерде. Ошондуктан бул тууралуу чектөөлөр улана берет. Визалар да уланат. Бул болсо биздин коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы координациянын тыгыздыгына жараша болот. Мындай нерсе мүмкүн, айрым адистердин кызматтары жана соода-сатык кылгандар үчүн виза тартиби либералдашса болот. Помидорго келсек өз базарыбызды түрк помидоруна түбөлүккө дейре жаба албайбыз. Бирок айтканымдай инвестиция жыйынтыкталганда бул тема да либералдашат»

Булак:"trt.net.tr"

Последние новости