www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Абдывахап мырза, коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетке караштуу «Семетей» мейманканасы көптөгөн суроолорду пайда кылууда. Чындыгында эле шаардын чок ортосунда жайгашкан мейманканадан айына 26 миң сом гана акча түшкөнү акылга сыйбаган көрүнүш эмеспи?

– Негизгиси пайда аз болуп калган. Муну эми текшериш керек да. Салык төлөшүптүр…

– Сиздин кесиптешиңиз Акылбек Жаманкулов 4 миң 400 чарчы имараттан канча пайда тапса болорун чотко салып, эсептеп бербедиби?

– Ооба. «Арендага бергенде 500 миң доллардай түшөт эле» деп айтты. Аны биз деле сунуш катары айтты. «Аскер кызматкерлерине бир бөлүгүн коюп койгула дагы, калганын өз алдыңарча иштеткиле» деп. Реклама кылыш керек, ал жерде менеджмент болуш керек. Мамлекеттик ишканаларда ушул нерсе жок болуп жатат.

– Бул жерде кандайдыр бир коррупциялык схема жаткан жокпу?

– Биз башкы прокуратура менен эсеп палатасына тапшырма бердик. Алар карайт. Билбей туруп айтыш кыйын да. Болушу деле мүмкүн.

– Ошол жыйынга катышып отурган эсеп палатасынын өкүлү «башкы штаб мейманкананы көбүрөөк пайдаланып, тапшырманы көп берип, ошондон улам пайданы аз таап жатышат» деди. Бул канчалык чындык?

– Туура эле. Анткени, бизде ар кандай аскердик окуулар, жыйындар болгондо региондордон аскер кызматкерлери келишет да.

– Сиз депутат катары бул ишкана мамлекеттин колуна өтүшүн колдойсузбу?

– Ал ансыз деле мамлекеттин менчигинде. Маселе болгону коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттен маммүлктү башкаруу фондусуна өткөрүп берүү жөнүндө болуп жатат. Эң башкысы, көзөмөлдү күчөтүп, аутсорсингге бериш керек да. Ошондо алар пайда алганга кызыкдар болот.

Булак:"Азия Ньюс"

Последние новости