www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы кооптуу саналган аймактарда бардыгы болуп 4966 үй-бүлө бар. Бул тууралуу бүгүн 4-майда ЖКнын жыйынында Өзгөндөгү абал боюнча парламентке маалымат берүүгө келген вице-премьер министр Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдүн ичинен 4264 түтүнгө мамлекет тарабынан жер тилке бөлүнүп, ар бирине 200 000 сомдон каражат да берилген. Жардам алгандардын 1888и коопсуз жайга көчүп кетишсе, калган 2376сы азыркыга дейре көчпөй келишет. Табигат кырсыгы коркунуч жараткан жерлерде жашап жаткан калган 702 үй-бүлөнүн жер жана ссуда маселеси чечиле элек.
Жыйын жүрүшүндө депутаттар Аюу айылындагы жер көчкү маселе боюнча өкмөт өкүлдөрүн жемеге алышты. ӨКМ кырсык тууралуу билип ал аймактын тургундарына 2-3күн мурун эскертүү бериптир, бирок эмнеге аларды тезинен көчүрүп кетүү аракеттери көрүлгөн эмес деген суроолор жаады. Буга жооп кылган аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Калыс Ахматов ӨКМ кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүп, эскертүү берүүлөр менен чектелерин, тургундарды көчүрүү жергиликтүү бийликтин милдети экенин билдирди. Ошондой эле коркунуч жаралган аймактын элин күч менен зордоп көчүрүүгө мыйзам жоктугун кошумчалады. Ал эми жогорудагы Аюу айылынын кооптуу тилкесиндеги 3 үй-бүлөгө кезинде жер тилкеси жана каражат бөлүнүп, алар көчүп кетишкен. 29-апрелде жабыркаган үйлөрдүн жетөө кийинчерээк мыйзамсыз салынган.
Мына ушул кемчиликтерди эске алган депутаттар өкмөттөн тез аранын ичинде коопсуз жайга көчпөй жаткан жарандарды мажбурлап көчүрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап келүүнү тапшырышты. Чындыгында, эл өкүлдөрү айтып жаткан сунушту өкмөт кыска убакытта иштеп чыгуусу абзел. Болбосо кайдыгерликтин айынан канчалаган өмүрлөр табият кырсыгынан өчүүдө.
Булак: "egemen.kg"