www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик шайлоого үгүт иштери баштала электе эле өздөрүн эрте таанытууга аракет кылып, жер-жерлерде пиар иштерин жүргүзгөн саясатчылар бар. Алар, бак тигип, жер айдап, баягы эле арзан пайыздагы кредиттерин убадалап айтор элдин эсине кала турган болгон мүмүнчүлүктөрүн жумшап жатат.
Ал эми буга чейин бак тигип, элдин эсинде калган саясатчылар тек гана унчукпай отурушат. Талапкерликке аты аталып, бирок эч кандай пиар иштерди жүргүзбөй жаткан саясатчылардын бири Ахматбек Келдибеков. Ал, мамлекеттик кызматтарда жетекчи катары такшалган, электораты жетиштүү саясатчы. Анын талапкер болуп чыгышы Акүй алып чыга турган талапкерге олуттуу коркунуч жаратат.
Ошол себептен, Ак үйдүн 7-кабатындагылар Ахматбек Келдибековдон чочулап жатат. Белгилүү саясат талдоочу Игорь Шестаков дагы Ахматбек Келдибековдун президенттик шайлоодо шансы аябай жогору жана өзү эң ылайыктуу талапкер деген баасын берген.
Жакында, эл аралык көз карандысыз эксперттер Кыргызстандын аймагы боюнча сурамжылоо жүргүзүп Ахматбек Келдибеков жетиштүү колдоого ээ экенин аныкташкан. Мындай иликтөөлөрдүн жыйынтыгы Акүйдүн 7-кабатына чочулатуу алып келип жатса керек, өздөрүнө караштуу маалымат каражаттарынан “Ахматбек Келдибековдун түштүктө колдоосу жок деген маалыматтарды таратып жатат. Эгер, андай болсо шайлоо учурунда ким кандай колдоого ээ экенин убакыт көрсөтөт. Ахматбек Келдибеков Кыргызстандын түштүгүндо гана эмес баардык аймагында жетиштүү колдоого ээ болору шексиз. Андан дагы анын командасы эң күтүү деп айтууга арзыйт.
Булак: "NazarNews.kg"