www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маевский деген неме тим эле олуттуу олтуруп алып, "2010- жылы июлдун башында Текебаев менен Москвадан жолуккам" - деп, жомок айтып берди эле. Аны биздин бийлик моокуму канганча КТР баш болгон бардык мамлекеттик телеканалдардан чуулдатып көрсөтүшкөн. Ал эсиңиздерде.
Көп өтпөй ал сөздөр калп экени тастыкталган. Текебаевдин паспортун текшеришсе, чек арадан өткөндө коюлуучу печаттар ал киши ошол күндөрү Ташкент аркылуу Ригага, андан ары Европага иш сапары менен учуп кеткен деп бакыя көргөзүлүп туруптур. Муну аны менен ошол иш сапарына кошо барышкан Сайдулла Нышанов, Жоомарт Сапарбаев, жана башкалар да тастыктап бере алышат. Демек ал Маевский айткандай же Маевскийге айттырышкандай Москвада болгон эмес. Бул факт.
Эми калыстык үчүн айтып койо турган бир кеп. Маевский калп айттыбы, же Маевскийге ошол сөздү жазып беришкендер калп айтыштыбы, иши кылса силердин Текебаев жөнүндө бул айткандарыңар жалган экени тастыкталгандан кийин, " Бул маалымат туура эмес экен, биз Өмүрбек Чикешовичтен кечирим сурайбыз" деп, айтып, же айтырып койбойсуңарбы!?
Адамга жалаа жапканда кыйынсыңар. А калпыңар чыгып калса унчукпай койо бересиңерби? Мунуңар туура эмес жолдоштор! -дейт өзунүн жеке баракчасына теле журналист Шайырбек Абдрахманов.
Булак:NazarNews.kg