www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли баатырлыгы, бир муштумдай бириккен ынтымагы, мекенчилдиги менен тушуккан кыйынчылыктарын жеңип келет. Бул жолку Баткен окуясында да күн-түн дебей жардамын берүүгө ашыккан ыктыярчылар арбын болду. Каргашалуу күндөрү жоокерлерге көмөк көрсөтүүгө дрон ж.б. жабдыктарды издеп, Чоң-Алай районунда элдин, жоокерлердин арасында жүргөн мурдагы дипломат Азат Эркебаевден учурдагы абал тууралуу сурадык.

- Учурдагы абал баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп турат. Бүгүн абалды айтсаңыз? Эл кандай жардамга муктаж болуп турат?

- 16-17-сентябрда тажик куралдуу күчтөрүнүн жана бейформал жоокерлердин Баткен облусуна жана Чоң-Алай районуна куралдуу кол салуусуна байланыштуу биздин Кыргызстандын жарандарынын баары колдон келген жардамдарын аяшкан жок. Бул кыргыз элинин ынтымагынын белгиси. Негизи тарыхка үңүлсөк, ушундай кырдаалдар элди улутка айлантып, улуттун өзүнчө чыйралуусуна шарт түзгөн. Жакшы жагы, ушундай турмуштук сыноолор чыйралтат. Жаратканыбыз жөнөткөн сыноого, жаңжалдарга байланыштуу учурларда кыргыз эли дайыма өз биримдиги менен намыска бек туруп, жарандык позициясын даана билдирип келет. Ушундай элибизден айланса болот!

Дагы айта кетчү жагдай, баарыбыз чын дилибиз менен жардам берели деп далалат кылганыбыз менен анын да ар кандай түрлөрү бар. Негизи биз биринчи ойго келген тамак-аш жагынан, гигиеналык каражаттар, кийим-кече, төшөнчү ж.б. нерселерди берип жүрөбүз. Бирок согуш, апаат окуялар болуп кеткен жерлерде көз караштарды да өзгөртүү зарыл экени белгилүү болду.

Ошондуктан адегенде куралдуу күчтөргө, чек арачыларга, ыктыярчыларга дагы жардам бергенди унутпашыбыз керек. Көчүрүп келген элге жардам берүү жакшы, бирок ошол элди коргоп кала турган куралдуу күчтөрдү да көз жаздымда калтырбаганыбыз оң.

Мен баарына сунуш айтат элем: так, даректүү жардам берүү үчүн адистешкен курал-жаракты жана аскердик технологияларды түшүнгөн кишилер менен сүйлөшүп алып, кеңешип, анан жөнөткөнүбүз максатка ылайыктуу. Мисалы, азыр абада учкан дрондор абдан керек болуп турат. Украина, Армения, Кавказдагы, Карабахтагы согуштарды көрүп жатабыз.

Заманга жараша эң алдыңкы технологиялар менен гана ийгиликтүү согуш жүргүзсө болот. Ошондуктан мүмкүн болсо чек арачыларга керектүү зуму бар дрондор, жогорку сапаттагы, узун дистанциялык рациялар, тез убакта батарея заряддоочу пауэрбанктар, сыз өткөрбөөчү карематтар, термо ич кийимдер, жылуу байпактар, чатырлар болушу максатка ылайык. Бронежилет, берцалар да керек.

Биз ушундай даректүү жардамдарды берсек, аскерлерибиздин дагы духтары көтөрүлүп, өлкөнү, биздин бүтүндүгүбүздү сактаганга жеңил болот. Дайыма эл ичинен чыккан ыктыярчылар өз ниетинен берген жардамдарын байкап көрсөк, тамак-аш ашыгы менен берилет. Ошондуктан рационалдуу, сарамжалдуу таратсак.

Булак: Азия News гезити

Последние новости