www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чындыгын айтыш керек Каныбек Осмоналиевдин келиши менен кыргыз тили өзүнө упай чогулта баштады. Кыргыз тили мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси мурунтан эле кызматка жетпей калгандар же кызматы жок жүргөн жакындары үчүн убактылуу аштоо болуп келген. Атасак, Рыскелди Момбеков, Назаркул Ишекеев, Сыртбай Мусаев жана башкалар. Бул синдромду Каныбек Осмоналиев талкалаганы турат, себеби ал бүгүнкү күндө «тирүүлөй» мамлекеттик катчы, бирок мындай үлкөн кызматка көз артпай, кыргыз тилибизди көтөрүп берейин деп ушул жерге келип отурат.

Кыргыз тилинин өгөйлөнүп келатканы айдан-ачык, орус императорлорунун заманында да, советтик «жол башчыларынын» заманында да документтер да орус тилинде жазылып келген. Мунун себеби бар чыгыш славян катары белорус, украиндер менен байыркы орусту түзгөнүнө миң жыл болгон орустар өзүнөн мурунку байыркы элдерди жактырган эмес. Ошондуктан кыргыз элинин тарыхын Орусияга кошулгандан баштап өсө баштады деп, ага чейинки тарыхы жок болгон деп келген. Аймагы жагынан азыркы бүт Европага тете жүздөгөн жыл Азияны титиретип турган «Улуу Кыргыз державасы» тууралуу кеп болгон эмес. Эгемендүүлүктүн учурунда гана бул тууралуу оозго алынууда.

8000 жылдык кыргыздын трагедиясы, өзүнүн орхон-энесай таш жазмасына калтырган, жана андан кийинки Чагатай тилинин жанчылгандыгында. Акыркы мезгилдеги кыргыз тарыхий китептери кыргыз эли сегиз миӊ жылдан бери жер шарында жашап келатканын тактайт. Ал эми орус тарыхчылары биринчи орус ачылыштарын летописчи Нестор тарабынан байыркы Киевде XII кылымда жазылган «Байыркы жылдардын тарыхы» летописинде башталган деп эсептешет. Бул летописте IX кылымдын ортосунан баштап XII кылымдын башына чейинки окуя сʏрѳттѳлѳт. Киев Русунун Европа жана Азия менен байланышын сʏрѳттѳйт. Бул летописте орус дѳӊсѳѳлѳрʏ Балтика боюнан баштап Карпат, Кавказ, жана Каспий, Кара деӊиздерге чейин сʏрѳттѳлѳт. Чыгыш Славяндарга Эдил (Волга) менен Борбордук Азия араӊ белгилʏʏ болгон. Ал эми Шибер (Сибирь), Ыраакы Чыгыш жана башка жерлер тʏштѳрʏнѳ да кирген эмес. Бул летописте орус жерлерин бириктирʏʏ тууралуу алдыӊкы ой жʏгʏртʏʏлѳр камтылган. XVI кылымда гана орус окумуштуулары «Большой чертеж» деген китепке ээ болушкан. Бул китепте кантип кѳчмѳндѳрдѳн «кыргыздардан» коргонуу керек экендигин биле турган чек аралардагы аскердик курулуштар ʏйрѳтʏлгѳн.

Ушул себептен улам совет мамлекетинде байыркы кыргыздардын тарыхын окутуу кылмыш иши катары эсептелген. Байыркы кыргыз тарыхы эмес, советтик деген наам менен кечээки орус тарыхы окутулуп келген. Байыркы кыргызды унуткаруу ʏчʏн келечек муундардын мээсин айлантышкан. Орустардын чек арасын коргоп келген тʏрк- кыргызча сʏйлѳп келишкен орус-казактарды зордоп орусташтырып, орус тилдʏʏ элге айлантышкан. Тʏрк элдеринин жалпы ортолук тил катары жашап келаткан Чагатай тилин жанчып жок кылышып, орус тилин мажбурлап кийиришкен. Албетте, кыргыз элинин сегиз миӊ жылдык кыргыз санжырасына салыштырмалуу бул жылдар кечээки эле жылдардай кѳрʏнѳт. Кыргыз эли он эки жылдык жаныбарлардын астрономиялык тʏзʏлʏштѳрʏн тʏзʏп келишкен. Алар бʏгʏнкʏ кʏнʏ да астрологдор тарабынан кеӊири колдонулуп келатат.

Кыргыздар тууралуу орус империясынын тушунда да, СССР убагында туура эмес маалыматтар берилип жүргөн. Орустар байыркы кыргыздарды эсинен чыгарып, белгилүү окумуштуусу Кызласов деген хакас «Кыргыз» деген эл болгон эмес, кыргыздар хакастардын башкаруучу уруусу болгон деп келжиреп турду. Мейли келжиресе келжиресин болгон күчүн ал эч кандай «энесай кыргыздары» Ала-Тоону көздөй көчүшкөн эмес, деп азыркы кыргыз элинин «Шибердеги тарыхын» кыя чаап жатат. Ал байыркы кыргыздардын 18 кылымга чейин энесайдагы тарыхын жокко чыгарып жатат. Мындай ойго орус окумуштуусу Виктор Козодой макул эмес. Козодой деген орусиялык тарыхчы энесай кыргыздарын туура эмес аташкан «шибер кыргыздары» деп аташ керек деп туура даңкылдатып жатат. Кыргыздар Шиберде биринчилерден болуп мамлекет курушкан. Ал мамлекет биздин замандын 3 кылымынан 17 кылымга чейин жашаган деп. Козодой советтик мезгилдеги окумуштуулардын гипотезаларын койдой союп, талкалап жатат. Ким мамлекет башында болсо алардын көзүн карап, тарых жаза алышпаган байкуштар ар кайсыны айтып дөөрүшкөн.

Падышачылык заманында, Совет доорундагы орустар эмне десе ошону туурагын кыргыз тарыхчылары энесай кыргыздарын ата -баба кылгандан дырдай качышчуу эле. Анан жалган тарых кантип болсун. Козодой «Шибер кыргыздары» деп атабызды бир заматта таап берип койду. Азыркы кыргыздар ошол «Шибер кыргыздарынын» тукумдары деп жазып жатат, мындайча айтканда кыргызга бүтүндөй Шиберди ыйгарып салды.

Козодой  Кызласовдун теориясы туура эмес деп жокко чыгармай болду. Кызласовдун «Хакастар» деген китеби хакастарды мактап, кыргыздарды басынткан китеп. Хакас  деген эл советтик заманда эле пайда болгон. Мурун орустар аларды «миңсуулук (минусинский) казактар» деп аташкан. Совет мамлекети учурунда «хакастар» деп аталып калган. Эми жаңы ат алганына 100 жыл боло элек хакастар Кызласов аркылуу тарыхыбызды талашып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости