www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш күрөшү расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, улакчылар машыгуу жыйындарын толук өткөрүп, бүгүнкү күндө даяр турушат. Оюнчулар 2022-жылдын 28-сентябрында учушат.

Мындан сырткары, көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, таяк тартыш жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчу катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости